Элдик тарбия жок болсо, улут жоголот. Кыргыз мектептери эмнеге көңүл бурушу керек
09:04 05.10.2026 (Жаңыртылды: 10:38 06.10.2026)

© Sputnik / Элдияр Асылбеков
Жазылуу
Маекте жер, суу жана башка байлыктар түгөнүүчү ресурс экенин, ал эми адамдын билим ресурсу түгөнбөй, тескерисинче, адамдан адамга, муундан муунга өткөн сайын ал дагы көбөйүп, байып турары айтылды.
Элдик педагогиканы сактап калуу, аны жайылтууну тар алкакта кароого болбойт. Себеби элдик тарбия жок болсо улут жоголот. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда КРдин эл мугалими, профессор Акматали Алимбеков билдирди.
Анын айтымында, элдик тарбиясы жок улут калыптанышы мүмкүн, бирок баалулугу жок болот. Ошондуктан кыргыз мектептери элдик педогогикага өзгөчө көңүл бурушу керек.
“Адебибизди, салтыбызды, наркыбызды жоготсок, биз өзүбүзгө мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү сактай албай калабыз. Ошол үчүн элдик педагогиканы тар мааниде эмес, элдин адеп-наркын сактоочу, муундан муунга өткөрүү аркылуу улутту кайра жаратуучу, чыңдап туруучу, күч берүүчү баалуулук катары кең мааниде карашыбыз керек. Мына ушул максатта кыргыз мектебине өзгөчө маани берүү зарыл. Мектептерди улуттун маданиятын, улуттук адеп-наркты муундан муунга өткөрүүчү эң маанилүү расмий институт катары өнүктүрүшүбүз керек. Жалгыз билим менен адам адам боло албайт. Билим — адам болуунун каражаты гана. Ал эми адам болуу — көп кырдуу баалуулуктарды өзүнө сиңирүү, сактоо, өзү менен алып жүрүү, муундан муунга өткөрүү сыяктуу инсандык сапаттар менен өлчөнөт. Мына ушуну бүгүнкү мектеп өз деңгээлинде аткара албай келет. Мектеп — чыныгы улутту жаратуучу, улуттук баалуулуктарды жашатуучу, балдарга билим менен катар тарбияны сиңирүүчү институт. Мектепте айда, жылда бир иш-чараларды өткөрөбүз. Бул тарбия ишиндеги эң чабал көрүнүш", — деди Алимбеков.
Ал тарбия иши үзгүлтүксүз процесс экенин, ар бир мектептин стратегиялык максаты болушу керектигин белгиледи. Милдеттери, уюштуруулары аныкталып, көзөмөлдөнүшү кажет. Жыйынтыгы өлчөнүп, бааланышы керек. Жыйынтыгы өлчөнүп, бааланбаган нерсенин эч бир мааниси болбой турганы кошумчаланды.