00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мөңгүлөрдүн үстүндөгү кара катмар окумуштуулардын тынчын алууда

© Sputnik / Нурайым РысмамбетоваГляциолог Гүлбара Оморова
Гляциолог Гүлбара Оморова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2026
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун илимий кызматкери, гляциолог Гүлбара Оморова мөңгүлөрдүн үстүндө кара додо болуп үйүлгөн микробиологиялык зат барган сайын көбөйүп жатканын айтты.
Акыркы изилдөөлөр мөңгүлөрдө жаракалар барган сайын кеңейип, саны көбөйүп жатканын көргөзүүдө. Адистин айтымында, изилдөөлөрдөн мурунку жаракалар узарып, туурасы кеңейгенин жана ак муздун үстүндө жаңы жаракалар пайда болуп жатканын көрүүгө болот. Бул — климаттын өзгөрүшүнүн жана көптөгөн антропогендик факторлордун натыйжасы.
Мөңгүлөрдүн үстүндөгү кара катмар окумуштууларды тынчсыздандырууда
"Мөңгүнүн үстүндөгү геоморфологиялык себептеринен тышкары микробиологиялык өзгөрүүлөрдү да байкадым. Мурда криоконит (майда чаң, көө, минералдар жана микроорганизмдерден турган, мөңгүнүн бетине топтолгон кара катмар — ред.) аз болсо, азыр муздун үстүндөгү температура жогорулаган сайын алардын адам боюндай бийиктикте мөңгүнүн үстүндө кара додо болуп үйүлүп өрчүгөнү таң калтырды. Мөңгүнүн үстүндөгү кара катмар эмне себептен көбөйүп жатканын жана анын зыяндуулугун, курамын текшерүүгө лабораториялык мүмкүнчүлүк түзүлбөгөндүктөн, каражаттын жоктугунан көп суроолорума жооп таба албадым. Бирок үлгүлөрүн алып келип, муздаткычка салып койдум. Мүмкүн лабораториялык бардык шарты бар чет өлкөлүк кесиптештер менен чогуу изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөр. Муз үстүндө үйүлгөн кара додо толугу менен криоконит эмес болушу мүмкүн. Жыл өткөн сайын мөңгүнүн эрүү сезону узарып жатат. Мындан улам мөңгүнүн эрий турган кар сызыгы да жогорулоодо”, — деди Оморова.
Ал мөңгү дүйнө жүзүндө эрип жатканын, бирок ал процессти жайлатуу үчүн токойлорду кыйбай, бак-дарактарды көбөйтүп, кен казуучулардын жоопкерчилигин, мөңгүнү коргогон мыйзамдарды күчөтүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0