https://sputnik.kg/20261007/1104139806.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров муктаж жарандардын бардыгы үйлүү болгонго чейин турак жай куруу саясаты улана берерин айтты.Өлкө башчы Нарынга барып, Мамлекеттик... 07.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-07T13:00+0600
2026-10-07T13:00+0600
2026-10-07T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/07/1104139640_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ead49e9d7f1a84b59c3b2d766f3bfb36.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров муктаж жарандардын бардыгы үйлүү болгонго чейин турак жай куруу саясаты улана берерин айтты.Өлкө башчы Нарынга барып, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышына катышты. "Муктаждарга турак жай куруу саясатын ар бир кыргызстандык үйлүү болгонго чейин улантабыз. Буюрса, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулушу аяктайт", — деди Жапаров.Ошондой эле ал жакында Жумгалдын Чаек айылында дагы сегиз блоктон турган, алты кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталарын кабарлады.Белгилей кетсек, бул күнү Нарын шаарында 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилди.
Бишкек шаардык соту Новопавловка айылындагы сейил бактын курулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин катышуучуларын "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актады.Кеп Новопавловка аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, подрядчик жана техникалык көзөмөл кызматкери жөнүндө болуп жатат. 2025-жылдын июль айында УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев сейил бактын көрктөндүрүү сапатын текшерип, жооптуу адамдарды кармоону тапшырган болчу.Ал учурда УКМК 1,1 гектар аянтты ээлеген сейил бак эреже бузуулар менен көрктөндүрүлгөнүн билдирген эле. Долбоордун баасы дээрлик 32 миллион сомду түзгөн. Атайын кызматтын маалыматына караганда, подрядчик жумуштун сапатынан жана көлөмүнөн үнөмдөп койгон, ал эми объектинин өзү баланска кабыл алынган эмес.
Кыргызстандын эки ири шаарында төрөттүн жалпы коэффициенти байкаларлык төмөндөдү.Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы бойго жеткен ар бир аялга орто эсеп менен 2,89 бала туура келсе, өткөн жылы бул көрсөткүч 2,58ге чейин азайган.Ошол эле учурда аймактардагы төрөттүн динамикасы бирдей болгон жок. Жалпы коэффициент Чүй облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан башка дээрлик бардык аймактарда өскөн. Эң кескин төмөндөө борбор калаада катталды: бир аялга эсептелген баланын саны 3,3төн 1,32ге чейин түштү. Ал эми Ош шаарында бул көрсөткүч 5,37ден 2,41ге чейин кыскарган.Демографтар калктын санын табигый калыбында сактап туруу үчүн төрөттүн жалпы коэффициенти бир аялга орточо 2,01–2,1 баланын тегерегинде болушу керектигин белгилешет.Төрөттүн жалпы коэффициенти — бул төрөт курагындагы аялдардын ошол мезгилдеги көрсөткүчү сакталып калган шартта, бир аял өзүнүн репродуктивдик курагында төрөй турган балдардын саны.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Вьетнам менен соода жүгүртүүнү эң активдүү өнүктүрүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.Мындан 10 жыл мурун Евразия экономикалык биримдиги менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода боюнча келишим күчүнө кирген. "Бул убакыт аралыгында эки тараптын товар жүгүртүүсү дээрлик эки эсе көбөйүп, 4,3 миллиард доллардан 8,3 миллиард долларга чейин жетти", — деп билдирди Улуттук статистика комитети Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына таянып.Ал эми Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы соода көлөмү мындан да кыска убакыт ичинде 10 эседен ашык өстү.Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-жылы товар жүгүртүү 8,5 миллион долларды түзсө, өткөн жылы 87 миллион долларга жеткен.
Президент Садыр Жапаров муктаж жарандардын бардыгы үйлүү болгонго чейин турак жай куруу саясаты улана берерин айтты.Өлкө башчы Нарынга барып, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышына катышты. "Муктаждарга турак жай куруу саясатын ар бир кыргызстандык үйлүү болгонго чейин улантабыз. Буюрса, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулушу аяктайт", — деди Жапаров.Ошондой эле ал жакында Жумгалдын Чаек айылында дагы сегиз блоктон турган, алты кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталарын кабарлады.Белгилей кетсек, бул күнү Нарын шаарында 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Бишкек шаардык соту Новопавловка айылындагы сейил бактын курулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин катышуучуларын "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актады.Кеп Новопавловка аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, подрядчик жана техникалык көзөмөл кызматкери жөнүндө болуп жатат. 2025-жылдын июль айында УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев сейил бактын көрктөндүрүү сапатын текшерип, жооптуу адамдарды кармоону тапшырган болчу.Ал учурда УКМК 1,1 гектар аянтты ээлеген сейил бак эреже бузуулар менен көрктөндүрүлгөнүн билдирген эле. Долбоордун баасы дээрлик 32 миллион сомду түзгөн. Атайын кызматтын маалыматына караганда, подрядчик жумуштун сапатынан жана көлөмүнөн үнөмдөп койгон, ал эми объектинин өзү баланска кабыл алынган эмес.Кыргызстандын эки ири шаарында төрөттүн жалпы коэффициенти байкаларлык төмөндөдү.Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы бойго жеткен ар бир аялга орто эсеп менен 2,89 бала туура келсе, өткөн жылы бул көрсөткүч 2,58ге чейин азайган.Ошол эле учурда аймактардагы төрөттүн динамикасы бирдей болгон жок. Жалпы коэффициент Чүй облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан башка дээрлик бардык аймактарда өскөн. Эң кескин төмөндөө борбор калаада катталды: бир аялга эсептелген баланын саны 3,3төн 1,32ге чейин түштү. Ал эми Ош шаарында бул көрсөткүч 5,37ден 2,41ге чейин кыскарган.Демографтар калктын санын табигый калыбында сактап туруу үчүн төрөттүн жалпы коэффициенти бир аялга орточо 2,01–2,1 баланын тегерегинде болушу керектигин белгилешет.Төрөттүн жалпы коэффициенти — бул төрөт курагындагы аялдардын ошол мезгилдеги көрсөткүчү сакталып калган шартта, бир аял өзүнүн репродуктивдик курагында төрөй турган балдардын саны.Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Вьетнам менен соода жүгүртүүнү эң активдүү өнүктүрүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.Мындан 10 жыл мурун Евразия экономикалык биримдиги менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода боюнча келишим күчүнө кирген. "Бул убакыт аралыгында эки тараптын товар жүгүртүүсү дээрлик эки эсе көбөйүп, 4,3 миллиард доллардан 8,3 миллиард долларга чейин жетти", — деп билдирди Улуттук статистика комитети Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына таянып.Ал эми Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы соода көлөмү мындан да кыска убакыт ичинде 10 эседен ашык өстү.Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-жылы товар жүгүртүү 8,5 миллион долларды түзсө, өткөн жылы 87 миллион долларга жеткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/07/1104139640_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0b8e3a27e2606857c0291538273bcb75.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио