https://sputnik.kg/20261006/1104109714.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билим берүү, медицина, спорт, маданият жана башка тармактарда үзүрлүү эмгектенген адистерге парламенттин... 06.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-06T08:59+0600
2026-10-06T08:59+0600
2026-10-06T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/06/1104109548_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5a676aaeb0c266216b2d5ca1cec3b619.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билим берүү, медицина, спорт, маданият жана башка тармактарда үзүрлүү эмгектенген адистерге парламенттин сыйлыктарын тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде төрага өлкөнүн өнүгүшү ар бир жарандын эмгегине байланыштуу экенин белгиледи. Ал адистерди өз тармагында ийгилик жаратып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга чакырды. Сыйлыктар жаш муундарга билим жана тарбия берип жаткан мугалимдерге, дарыгерлерге, спортчуларга жана машыктыруучуларга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, маданият өкүлдөрүнө, коомдук ишмерлерге жана башка эмгек жамааттарынын алдыңкы өкүлдөрүнө берилди. Маматалиев өлкөнүн башкы байлыгы эл экенин белгилеп, калктын бакубат жашоосу үчүн биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн айтты.
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Учурда өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен ооругандардын саны 5 748ге жетти. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динара Оторбаева билдирди. Анын айтымында, ооругандардын 80 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Алардын 57 пайызын 4 жашка чейинкилер түзөт. Оторбаева КРВИнин көбөйүшү мезгилдик көрүнүш экенин белгилеп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу олуттуу өсүш жок экенин айтты. Ошондой эле дарыгер коомчулукта тарап жаткан "COVID-19дун жаңы штаммы чыгып жатат" деген маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, учурда лабораториялык изилдөөлөрдө сасык тумоо катталган жок, негизинен аденовирус жана риновирус сыяктуу КРВИнин түрлөрү көбөйүүдө. Дарыгердин белгилешинче, бир адам бир вирустук инфекциядан кийин башкасын жуктуруп алышы мүмкүн. Бул оорунун узакка созулгандай сезилишине алып келет. Адистер сезондук инфекциялардан сактануу үчүн тазалык эрежелерин сактап, оорунун белгилери байкалганда өз убагында дарыгерге кайрылууну сунушташат.
Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизинде түзүлө турган скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Сынакка Кыргызстандын кесипкөй скульпторлору, архитекторлору жана чыгармачыл жамааттары катыша алат. Жеңүүчү долбоор Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотулат. Сынактын байге фонду: I орун — 200 миң, II орун — 150 миң, III орун — 100 миң сом. Долбоорлор көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, идеялык мазмуну жана сейил бактын мейкиндигине шайкештиги боюнча бааланат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билим берүү, медицина, спорт, маданият жана башка тармактарда үзүрлүү эмгектенген адистерге парламенттин сыйлыктарын тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде төрага өлкөнүн өнүгүшү ар бир жарандын эмгегине байланыштуу экенин белгиледи. Ал адистерди өз тармагында ийгилик жаратып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга чакырды. Сыйлыктар жаш муундарга билим жана тарбия берип жаткан мугалимдерге, дарыгерлерге, спортчуларга жана машыктыруучуларга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, маданият өкүлдөрүнө, коомдук ишмерлерге жана башка эмгек жамааттарынын алдыңкы өкүлдөрүнө берилди. Маматалиев өлкөнүн башкы байлыгы эл экенин белгилеп, калктын бакубат жашоосу үчүн биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн айтты.Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Учурда өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен ооругандардын саны 5 748ге жетти. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динара Оторбаева билдирди. Анын айтымында, ооругандардын 80 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Алардын 57 пайызын 4 жашка чейинкилер түзөт. Оторбаева КРВИнин көбөйүшү мезгилдик көрүнүш экенин белгилеп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу олуттуу өсүш жок экенин айтты. Ошондой эле дарыгер коомчулукта тарап жаткан "COVID-19дун жаңы штаммы чыгып жатат" деген маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, учурда лабораториялык изилдөөлөрдө сасык тумоо катталган жок, негизинен аденовирус жана риновирус сыяктуу КРВИнин түрлөрү көбөйүүдө. Дарыгердин белгилешинче, бир адам бир вирустук инфекциядан кийин башкасын жуктуруп алышы мүмкүн. Бул оорунун узакка созулгандай сезилишине алып келет. Адистер сезондук инфекциялардан сактануу үчүн тазалык эрежелерин сактап, оорунун белгилери байкалганда өз убагында дарыгерге кайрылууну сунушташат.Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизинде түзүлө турган скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Сынакка Кыргызстандын кесипкөй скульпторлору, архитекторлору жана чыгармачыл жамааттары катыша алат. Жеңүүчү долбоор Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотулат. Сынактын байге фонду: I орун — 200 миң, II орун — 150 миң, III орун — 100 миң сом. Долбоорлор көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, идеялык мазмуну жана сейил бактын мейкиндигине шайкештиги боюнча бааланат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/06/1104109548_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0d478f3eeafc2b9f2248498800ec55c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио