https://sputnik.kg/20261006/1104127070.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын калыстары XX Азия оюндарынын арбитрлеринин курамына кирдиНепалда катуу селден кийинки 5 миңден ашык адам табылган жокБишкекте эки эл аралык... 06.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-06T17:00+0600
2026-10-06T17:00+0600
2026-10-06T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/06/1104126904_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_274b538de14449c462ee23fc0d583cf0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын калыстары XX Азия оюндарынын арбитрлеринин курамына кирдиНепалда катуу селден кийинки 5 миңден ашык адам табылган жокБишкекте эки эл аралык көргөзмө өтөт
Бишкек шаарында15-17-октябрларда “KYRGYZSTAN EXPO – 2026” жана II Эл аралык өнөр жай “EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026” көргөзмөлөрү өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чаралар “Жаштык Аренада” өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Түркия, Кытай, Афганистан, Пакистан жана Өзбекстандан компаниялар менен бизнес өкүлдөрү катышат. Көргөзмөлөрдүн алкагында өнөр жай, курулуш, энергетика, мунай-газ, тоо-кен тармагы, машина куруу, транспорт жана логистика, медицина, фармацевтика, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, суу тазалоо, IT, инновациялык технологиялар, финансы, бизнес кызматтары боюнча продукциялар жана долбоорлор сунушталат. Ошондой эле кыргызстандык ишканалар өз продукцияларын, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, кызматтарын жана инвестициялык долбоорлорун эл аралык бизнес өкүлдөрүнө тааныштырат. Иш-чаранын алкагында Бишкек бизнес-форуму, пленардык жыйындар, эл аралык конференциялар, тармактык тегерек столдор, компаниялардын презентациялары, ишкердик байланыштар биржасы жана B2B жолугушуулар өткөрүлөт.
Кыргызстандык футбол калыстары Медербек Тайчиев, Вероника Бернацкая жана Исмаил Талипжанов Япониянын Айти жана Нагоя шаарларында өткөн XX Азия оюндарында футбол боюнча мелдештерди ийгиликтүү тейлеп жыйынтыкташты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Маалыматка ылайык, эркектер арасындагы футбол мелдештери 2026-жылдын 14-сентябрынан 3-октябрына чейин, ал эми аялдар арасындагы мелдештер 14-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөн. АФКнын тизмесине кирген мекендештерибиз турнирдин жүрүшүндө бир катар жооптуу беттештерди жогорку деңгээлде башкарышты. Айрыкча, Медербек Тайчиев башкы калыс, Исмаил Талипжанов жардамчы калыс катары маанилүү оюн этаптарын тейлесе, Вероника Бернацкая аялдар арасындагы мелдештерде башкы калыс милдетин аткарып, ал тургай финалдык беттеште видеокалыстын жардамчысы (AVAR) кызматын ийгиликтүү аткарды.
ОшМУнун ТооЭкоКонсалтинг борбору Курбу-Таш аймагында пекин өрдөктөрүн өстүрүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүп жатат. Окуу жайдын маалыматына ылайык, учурда жергиликтүү тургундар менен биргеликте төрт айлык миңге жакын өрдөк багылып, аларды сатуу башталды. Тирүү өрдөктөр жумуртка алуу үчүн 700 сомдон, ал эми эт багытында союлуп тазалангандары 600 сомдон сатылууда. Долбоордон түшкөн каражат биринчи кезекте чыгымдарды жабууга, кийинки жылы ишти улантууга жана университеттин кызматкерлери менен бөлүштүрүүгө жумшалат. Адистердин айтымында, бул демилге климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жардам берген чарба жүргүзүүнүн альтернативдүү түрлөрүн жайылтып, айыл жеринде жаңы киреше булактарын түзүүгө багытталган.
Непал бийлиги август айында болгон селден кийинки активдүү издөө-куткаруу операциясы аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу Reuters жазды. Маалыматка караганда, бийлик эми жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө өтүүдө. Ошол эле учурда 5 миңден ашык адам дайынсыз жоголгондордун катарында калды. Адистердин баамында, талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн болжол менен 5 миллиард доллар керек болот. Эске салсак, өлкөнүн түндүгүндө 26-августта мөңгү көчүп, ылай суу 12 гидроэлектростанцияны, жолдорду жана бүтүндөй айылдарды талкалаган. Селдин кесепетинен кем дегенде 1 455 адам каза болгон.
Кыргызстандын калыстары XX Азия оюндарынын арбитрлеринин курамына кирдиНепалда катуу селден кийинки 5 миңден ашык адам табылган жокБишкекте эки эл аралык көргөзмө өтөтБишкек шаарында15-17-октябрларда “KYRGYZSTAN EXPO – 2026” жана II Эл аралык өнөр жай “EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026” көргөзмөлөрү өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чаралар “Жаштык Аренада” өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Түркия, Кытай, Афганистан, Пакистан жана Өзбекстандан компаниялар менен бизнес өкүлдөрү катышат. Көргөзмөлөрдүн алкагында өнөр жай, курулуш, энергетика, мунай-газ, тоо-кен тармагы, машина куруу, транспорт жана логистика, медицина, фармацевтика, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, суу тазалоо, IT, инновациялык технологиялар, финансы, бизнес кызматтары боюнча продукциялар жана долбоорлор сунушталат. Ошондой эле кыргызстандык ишканалар өз продукцияларын, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, кызматтарын жана инвестициялык долбоорлорун эл аралык бизнес өкүлдөрүнө тааныштырат. Иш-чаранын алкагында Бишкек бизнес-форуму, пленардык жыйындар, эл аралык конференциялар, тармактык тегерек столдор, компаниялардын презентациялары, ишкердик байланыштар биржасы жана B2B жолугушуулар өткөрүлөт. Кыргызстандык футбол калыстары Медербек Тайчиев, Вероника Бернацкая жана Исмаил Талипжанов Япониянын Айти жана Нагоя шаарларында өткөн XX Азия оюндарында футбол боюнча мелдештерди ийгиликтүү тейлеп жыйынтыкташты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Маалыматка ылайык, эркектер арасындагы футбол мелдештери 2026-жылдын 14-сентябрынан 3-октябрына чейин, ал эми аялдар арасындагы мелдештер 14-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөн. АФКнын тизмесине кирген мекендештерибиз турнирдин жүрүшүндө бир катар жооптуу беттештерди жогорку деңгээлде башкарышты. Айрыкча, Медербек Тайчиев башкы калыс, Исмаил Талипжанов жардамчы калыс катары маанилүү оюн этаптарын тейлесе, Вероника Бернацкая аялдар арасындагы мелдештерде башкы калыс милдетин аткарып, ал тургай финалдык беттеште видеокалыстын жардамчысы (AVAR) кызматын ийгиликтүү аткарды. ОшМУнун ТооЭкоКонсалтинг борбору Курбу-Таш аймагында пекин өрдөктөрүн өстүрүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүп жатат. Окуу жайдын маалыматына ылайык, учурда жергиликтүү тургундар менен биргеликте төрт айлык миңге жакын өрдөк багылып, аларды сатуу башталды. Тирүү өрдөктөр жумуртка алуу үчүн 700 сомдон, ал эми эт багытында союлуп тазалангандары 600 сомдон сатылууда. Долбоордон түшкөн каражат биринчи кезекте чыгымдарды жабууга, кийинки жылы ишти улантууга жана университеттин кызматкерлери менен бөлүштүрүүгө жумшалат. Адистердин айтымында, бул демилге климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жардам берген чарба жүргүзүүнүн альтернативдүү түрлөрүн жайылтып, айыл жеринде жаңы киреше булактарын түзүүгө багытталган. Непал бийлиги август айында болгон селден кийинки активдүү издөө-куткаруу операциясы аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу Reuters жазды. Маалыматка караганда, бийлик эми жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө өтүүдө. Ошол эле учурда 5 миңден ашык адам дайынсыз жоголгондордун катарында калды. Адистердин баамында, талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн болжол менен 5 миллиард доллар керек болот. Эске салсак, өлкөнүн түндүгүндө 26-августта мөңгү көчүп, ылай суу 12 гидроэлектростанцияны, жолдорду жана бүтүндөй айылдарды талкалаган. Селдин кесепетинен кем дегенде 1 455 адам каза болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/06/1104126904_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_63ba1c6be89eacf43b913f12ab978007.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио