00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Алимбеков: элдик тарбия жок болсо, улут жоголот
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүү баалары көзөмөлгө алынатАфганстан ТИМи өлкө бардык тарап менен алаканы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айттыСадыр Жапаров аренанын ордуна заводдорду курууну сунуштагандарга жооп берди
Тынчтык, биримдик, ынтымак болуп турса ондогон стадион салып, миңдеген спутник учурабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Бишкек арена" стадионунун расмий ачылышында билдирди.Ал өз командасынын алты жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып, аренанын ордуна заводдорду курууну сунуштагандарга жооп берди. Мамлекет башчысынын айтымында, алты жыл ичинде Кыргызстанда мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият мекемелери жана башка имараттарды кошкондо 1 075 объект курулган. Мындан тышкары, 521 завод-фабрика ачылган.Президент өлкө экономикасы 2021-жылдан бери туруктуу өсүп келе жатканын белгилеп, буга криминал менен коррупцияга каршы күрөш өбөлгө болуп жатканын айтты.Мамлекет башчы 2027-жылы 111 мектеп жана райондук ооруканаларда 44 жаңы бөлүм куруу көздөлүп жатканын, ал эми 2028-жылдан тарта мектептерге жана башка социалдык объектилерге байланыштуу көйгөй калбай турганын айтты.
Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүүнүн баасына көзөмөл күчөтүлүп, жылдын аягына чейин атайын электрондук реестр түзүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Аталган реестр Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтар базасы менен бириктирилет. Бул кадам өкмөттүн 2026–2027-жылдарга карата бааларды турукташтыруу планына киргизилген. Негизги максат — турак жайды ижарага берүүдөгү көмүскө рынокту ачыкка чыгаруу болуп саналат. Мамлекеттик салык кызматы менен Ички иштер министрлиги туристтик жана эл көп келген мезгилдерде каттоодон өтпөгөн объектилерди аныктоо боюнча биргелешкен рейддерди өткөрүп турат. Мындан тышкары, бийлик суткалык ижара рыногун патент жана көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү аркылуу легалдаштырууну көздөөдө. Ошондой эле 2026–2027-жылдары мамлекеттик органдар эл аралык жана аймактар аралык масштабдуу иш-чаралар өтүп жаткан учурда мейманкана кызматтарынын баасынын өзгөрүшүнө да тыкыр байкоо салып турмакчы.
Moody’s агенттиги Кыргызстандын кредиттик рейтингин B3төн B2ге көтөрдү Жөнөкөй тил менен айтканда, агенттик өлкөнүн финансылык абалы туруктуураак болуп, кредиторлор үчүн тобокелдиктер азайды деп эсептейт. Moody’s экономиканын өсүшүн, жан башына ИДПнын көбөйүшүн, инфраструктурага жумшалган инвестицияларды жана мамлекеттик карыздын ИДПга карата төмөндөшүн белгилеген. Рейтингдин жогорулашы Кыргызстанга эл аралык рыноктордон пайдалуураак шарттарда каражат тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бул мамлекетке гана эмес, кыргызстандык банктар менен ири компанияларга да тиешелүү.
Афганстан бардык мамлекеттер менен экономикалык, саясий жана маданий мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Москва форматындагы консультациялардын сегизинчи жыйынынын жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды. "Афганстан Ислам Эмирлиги экономикага багытталган саясат жүргүзүп, бардык мамлекеттер менен экономикалык, маданий, саясий жана башка тармактардагы мамилелерди өнүктүрүүнү каалайт", — деди ал. 5-октябрда Москвада Афганстан боюнча консультациялардын Москва форматындагы сегизинчи жыйыны өтүүдө. Ага Афганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда. Беларусь менен Египеттин делегациялары конок катары чакырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0