00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Будь в курсе
Аукцион вместо фиксированного тарифа: Кыргызстан меняет правила игры для инвесторов в зелёную энергетику
20:06
40 мин
Күн башат
Мөңгүлөрдүн үстүндөгү кара катмар окумуштууларды тынчсыздандырууда
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда агенттиктерге жумуш издегендерден акы алууга тыюу салынышы мүмкүнЕвразия экономикалык биримдиги менен Бириккен Араб Эмирликтиринин экономикалык өнөктөштүк келишими күчүнө кирдиКыргызстан менен Монголия медицина тармагында кызматташат
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтықтың келечектүү багыттары жана биргелешкен медициналык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн саламаттык сактоо системаларында бир катар окшош көйгөйлөр бар экенин белгилешти. Алардын катарында жугуштуу эмес оорулардын жогорку көрсөткүчү жана алыскы аймактардын тургундары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгы бар. Ушуга байланыштуу оорулардын алдын алууга, саламаттык сактоону санариптештирүүгө жана телемедицинаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду
Кыргызстанда жеке агенттиктерге жумуш издеген жарандардан акы алууга тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Мыйзам долбоорун иштеп чыккан ведомство жумуш издөөчүлөрдөн акча талап кылуу жумушка орношууну татаалдаштырып, каржылык тоскоолдуктарды жаратат деп эсептейт. "Эгер долбоор кабыл алынса, агенттиктердин кызмат акысын жумуш берүүчү гана төлөөгө тийиш болот", — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, жарандарды чет өлкөгө ишке жөнөткөн жана чет элдиктерди өлкө ичинде жумушка орноштурган агенттиктер беш жылдык лицензия алышы керек. Ал эми өлкө ичинде гана иш алып баргандар реестрге катталып, ар квартал сайын отчет берип турууга милдеттендирилет. Ошондой эле сунушка ылайык, чет өлкөгө жумушка орноштурган агенттиктердин атайын эсебинде камсыздандыруу каражаты болушу шарт. Бул каражат өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жаранды мекенине кайтарууга, анын ичинде жол киресин төлөөгө, ошондой эле каза болгон же жаракат алган жарандарды алып келүүгө жумшалат.
Оштун мэри шаар күнүндө төрөлгөн бөбөктөргө арнап белек тапшырды Анда наристелерге жана ата-энелерине керектүү буюмдар салынган. Мэриянын маалыматына караганда, кечээ Ош шаардык төрөт стационарында 38 наристе төрөлгөн. Жанарбек Акаев бул күнү төрөлгөн бөбөктөргө белек берүү салты жыл сайын улантыларын кошумчалады.
6-октябрдан тартып Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Бириккен Араб Эмирликтиринин (БАЭ) ортосундагы экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим күчүнө кирди. Документке былтыр июнь айында кол коюлган. Документке ылайык, БАЭ ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолуучу товарлардын 86 пайызына бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдик берет. Бул уюмдун эмирликке болгон экспортунун жалпы көлөмүнүн 98 пайызын камтыйт. Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун маалыматына караганда, ЕАЭБ товарларына карата БАЭде колдонулган орточо бажы алымы 5 пайыздан 0,6 пайызга чейин төмөндөйт. Анын баамында, тарифтик жеңилдиктер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорттоочуларына жыл сайын бажы төлөмдөрүнөн 266 миллион долларга чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Орто мөөнөттүү келечекте ЕАЭБ менен БАЭнин соода жүгүртүүсү кеминде 5-6 ммллиард долларга өсүшү күтүлүүдө.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 33 тыйын юань 13 сом 4 тыйынга рубль 1 сом 2 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
АБА ЫРАЙЫ7-октябрга караган түнү өлкөбүздүн айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Шаршемби күнү республиканын айрым жерлеринде жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +16...+21, Талас чөлкөмүндө +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл облусунда +13...+18, Нарын регионунда +12...+17, градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18...+20, Ошто +21...+23, ал эми Чолпон-Атада +15...+17 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0