00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Азиатский кондитерский чемпионат WFRS
16:08
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Картаюу аялдардын фобиясыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Рекордные выплаты: действительно ли страховка помогает кыргызстанцам?
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
19:09
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Күн башат
Мөңгүлөрдүн үстүндөгү кара катмар окумуштууларды тынчсыздандырууда
21:10
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Шакиранын концертине чакыруу билеттери берилбейтСобянин: Москвага учурулган 650 дрондун чабуулу токтотулдуТүштүк Кореяда массалык мушташ чыгып, кыргызстандыктар жаракат алды
Түштүк Кореянын Пхентхэк шаарында массалык мушташ чыгып, андан бир нече кыргызстандык жабыркаганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.Маалыматта окуя 4-октябрга караган түнү болгону айтылат. Кыргызстандын Кореядагы консулу окуя болгон жерге барып, кармалган кыргызстандыктар, укук коргоо органдары жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолуккан. "Учурда жаракат алгандардын абалы көзөмөлдөнүп, алардын укугун коргоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Жаракат алган жана кармалган жарандардын туугандары менен байланыш түзүлдү", — деп айтылат ТИМдин маалыматында. Мушташтан канча кыргызстандык жаран жабыркаганы азырынча белгисиз. Окуя министрликтин өзгөчө көзөмөлүнө алынган.
Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын концертине чакыруу билеттери берилбейт. Катышууну каалагандар билетти алдын ала сатып алышы керек. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, билет сатып алган көрүүчүлөрдүн арасында 15 даана iPhone 18 Pro Max смартфону ойнотулат. Утушта 15 жеңүүчү аныкталып, алардын ар бирине бирден iPhone 18 Pro Max тапшырылат. Президенттин иш башкармалыгы концертке барууну пландаган жарандарды билеттерди азыртадан сатып алууга чакырды. Белгилей кетсек, Шакира 18-октябрда ( Аялдар мындан ары ыйлабайт ) деп аталган дүйнөлүк турунун алкагында Бишкекте концерт коёт. Концерт "Бишкек Аренада" өтүп, бул жылдыздын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болот.
Бүгүн, 6-октябрда “Жаштык арена” спорт комплексинде эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасына жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев акыркы сапарга узатылды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чарага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, спорт өкүлдөрү, кесиптештери, шакирттери жана маркумдун жакындары катышты. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Кыргызстандын 15 жаштан 35 жашка чейинки жарандарынын арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эссе-конкурс өтөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сынакты министрликке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду уюштурууда.Конкурска катышуу үчүн өтүнмө жана көлөмү төрт беттен ашпаган эссе тапшырылат. Өтүнмөлөр 9-сентябрдан 23-октябрга чейин кабыл алынат. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.
Россиялык аскерлер Москвага карай учуп келе жаткан 650 дрондун чабуулунун мизин кайтарды. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собяниндин билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды."6-октябрга караган түнү саат 20:30дан таңкы 5ке чейин Москваны көздөй 650 учуучу аппарат учурулган", — деди шаар жетекчиси. Собянин дрондордун көбү алыстан эле жок кылынганын, ал эми 105и калаага жакындап калганда атып түшүрүлгөнүн айтты. Буга жооп катары Россия армиясы НАТОнун адистери менен биргеликте пайдаланып жаткан украин тараптын маанилүү борборлоруна, ишканаларына жана кампаларына сокку урууда. Жоокерлер Киевде да, бүтүндөй Украинанын аймагында да каалаган бутаны жок кылууга жөндөмдүү сокку уруучу дрондорду жана алыскы аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдарды колдонуп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0