https://sputnik.kg/20261007/1104132407.html
"Кызмат" мекемеси маморгандардын ишин кантип жеңилдетүүдө?
"Кызмат" мекемеси маморгандардын ишин кантип жеңилдетүүдө?
Sputnik Кыргызстан
2021-жылы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Улуттук санариптик экосистемада коопсуздук сертификаттарын жана электрондук санариптик кол тамганы текшерүү ачкычтарын... 07.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-07T09:04+0600
2026-10-07T09:04+0600
2026-10-07T17:49+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/07/1104152900_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_5da9ab53f15ba3883dfab73d677abb08.jpg
Кызмат" мекемеси маморгандардын ишин кантип жеңилдетип жатат?
Sputnik Кыргызстан
2021-жылы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Улуттук санариптик экосистемада коопсуздук сертификаттарын жана электрондук санариптик кол тамганы текшерүү ачкычтарын берүүчү күбөлөндүрүүчү борбор катары аныкталган. Бул тууралуу “Күн башат уктуруусунда” Президенттин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Паспорттук иштер жана жарандык абалдын актылары бөлүмүнүн башчысы Перизат Сейдакматова билдирди.
Анын айтымында, бул чечим электрондук документ жүгүртүүнүн жана санариптик чечимдердин ишенимдүүлүгүн, ошондой эле юридикалык күчүн бекемдөөгө өбөлгө түздү.“Мекеме улуттук санариптик инфраструктурада маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында борбордук ролду аткара баштады. "Кызмат" мамлекеттик мекемеси эл аралык стандарттарга шайкеш иш алып баруу аркылуу Кыргызстандын санариптик экосистемасын өнүктүрүүгө жана аймактык интеграцияга салым кошууда. "Кызмат" мекемеси "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жана "Түндүк" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жарандарга "Түндүк" платформасы жана мобилдик тиркемелер аркылуу булуттагы электрондук кол тамганы акысыз жана аралыктан, анын ичинде Face ID аркылуу, алуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга электрондук документтерге кол коюу жана алардын аныктыгын тастыктоо үчүн атайын коопсуздук сертификаттарын жана текшерүү ачкычтарын даярдайт,” — деди Сейдакматова.Ошондой эле, "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин долбоордук менеджери Элмира Ботобекова "Кызматтын" маалыматтарды сактоо борборлорун жана сервердик инфраструктурасын өнүктүрүү, алардын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдады.
“Учурда маалыматтарды G-Cloud мамлекеттик булутуна өткөрүү боюнча үч сот иш алып барууда. Маалыматтар этап-этабы менен булутка өткөрүлөт. Учурда айрым мамлекеттик маалыматтык системалар ушул инфраструктурага жайгаштырылып, иштетилип жатат. Келечекте жалпы органдардын маалыматтык системаларын да G-Cloud платформасына жайгаштыруу пландалууда. Бул, биринчи кезекте, жарандардын жеке маалыматтарын коопсуз сактоого шарт түзөт. Ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашууну тездетет,” — деди Ботобекова.
Ал мунун баары "Түндүк" системасы аркылуу көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн дагы да жеңилдетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.
“Күн башат уктуруусунда” Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин паспорттук иштер жана жарандык абалдын актылары бөлүмүнүн башчысы Перизат Сейдакматова чечим электрондук документ жүгүртүүнүн жана санариптик чечимдердин ишенимдүүлүгүн, ошондой эле юридикалык күчүн бекемдөөгө өбөлгө түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мекеме улуттук санариптик инфраструктурада маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында борбордук ролду аткара баштады. "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин долбоордук менеджери Элмира Ботобекова "мекеменин маалыматтарды сактоо борборлорун жана сервердик инфраструктурасын өнүктүрүү, алардын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдады.Ал мунун баары "Түндүк" системасы аркылуу көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн дагы да жеңилдетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/07/1104152900_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_31bc2d07adfc105803a230cbc44a6ddb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
"Кызмат" мекемеси маморгандардын ишин кантип жеңилдетүүдө?
09:04 07.10.2026 (Жаңыртылды: 17:49 07.10.2026) 2021-жылы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Улуттук санариптик экосистемада коопсуздук сертификаттарын жана электрондук санариптик кол тамганы текшерүү ачкычтарын берүүчү күбөлөндүрүүчү борбор катары аныкталган.
“Күн башат уктуруусунда” Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин паспорттук иштер жана жарандык абалдын актылары бөлүмүнүн башчысы Перизат Сейдакматова чечим электрондук документ жүгүртүүнүн жана санариптик чечимдердин ишенимдүүлүгүн, ошондой эле юридикалык күчүн бекемдөөгө өбөлгө түзгөнүн белгиледи.
Анын айтымында, мекеме улуттук санариптик инфраструктурада маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында борбордук ролду аткара баштады.
"Кызмат" мамлекеттик мекемеси эл аралык стандарттарга шайкеш иш алып баруу аркылуу Кыргызстандын санариптик экосистемасын өнүктүрүүгө жана аймактык интеграцияга салым кошууда. "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жана "Түндүк" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте элге "Түндүк" платформасы жана мобилдик тиркемелер аркылуу булуттагы электрондук кол тамганы акысыз жана аралыктан, анын ичинде Face ID аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга электрондук документтерге кол коюу жана алардын аныктыгын тастыктоо үчүн атайын коопсуздук сертификаттарын, текшерүү ачкычтарын даярдайт,” — деди Сейдакматова.
"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин долбоордук менеджери Элмира Ботобекова "мекеменин маалыматтарды сактоо борборлорун жана сервердик инфраструктурасын өнүктүрүү, алардын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдады.
“Учурда маалыматтарды G-Cloud мамлекеттик булутуна өткөрүү боюнча үч сот иш алып барууда. Маалыматтар этап-этабы менен булутка өткөрүлөт. Учурда айрым мамлекеттик маалыматтык системалар ушул инфраструктурага жайгаштырылып, иштетилип жатат. Келечекте жалпы органдардын маалыматтык системаларын да G-Cloud платформасына жайгаштыруу пландалууда. Бул биринчи кезекте жарандардын жеке маалыматтарын коопсуз сактоого шарт түзөт. Ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашууну тездетет,” — деди Ботобекова.
Ал мунун баары "Түндүк" системасы аркылуу көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн дагы да жеңилдетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.