https://sputnik.kg/20261006/1104115146.html
“Ыйлаба, сен эркексиң” деген тарбиянын таасири, эмне үчүн эркектер арасында кылмыштуулук жогору?

Sputnik Кыргызстан
Эркек баланы туура тарбиялоо жана анын психологиялык саламаттыгы тууралуу психолог Сейил Калдыбаева буларга токтолду.Эркек баланы тарбиялоодо коомдо калыптанып... 06.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-06T11:14+0600
2026-10-06T11:14+0600
2026-10-06T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/06/1104114976_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cbe47298dce6ea980ee3691df9773abe.jpg
“Ыйлаба, сен эркексиң” деген тарбиянын таасири, эмне үчүн эркектер арасында кылмыштуулук жогору?
Sputnik Кыргызстан
Эркек баланы туура тарбиялоо жана анын психологиялык саламаттыгы тууралуу психолог Сейил Калдыбаева буларга токтолду.Эркек баланы тарбиялоодо коомдо калыптанып калган “Сен эркексиң, ыйлаба”, “Эркек коркпойт”, “Сезимиңди көрсөтпө” деген түшүнүктөр бүгүн да кеңири кездешет. Бирок мындай сөздөр баланын эмоциясын башкаруусуна жардам береби же тескерисинче, өзүнүн сезимдерин басып калуусуна алып келеби?Адистин айтымында, баланын тарбиясында ата-эненин экөөнүн тең орду чоң. Ошол эле учурда уул бала үчүн атасынын жүрүм-туруму, берген тарбиясы жана жеке үлгүсү өзгөчө маанилүү.“Бизде кыздарга караганда уул баланы көбүрөөк баалашат. Бул туура эмес. Үй-бүлөдө ата-эненин тарбиясы абдан маанилүү, бирок эркек бала үчүн атасынын тарбиясы жана үлгүсү өзгөчө мааниге ээ. Беш кол тең эмес дегендей, айрым балдар атасыз же атасынын туура үлгүсүн көрбөй чоңоюшат. Бул алардын эркектик сапаттарынын толук калыптанышына тоскоол болушу мүмкүн. Азыркы учурдагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири, жоопкерчиликтен качкан, чечкинсиз эркектердин көбөйүшү жана тескерисинче, эркекке тиешелүү жоопкерчиликти аялдардын көбүрөөк мойнуна алышы. Аялдар коомдо чоң иштерди жасап жатышат. Ал эми эркектер тууралуу акыркы убакта көбүнчө зомбулук, кылмыш сыяктуу көрүнүштөргө байланыштуу маалыматтарды угуп калдык. Бул олуттуу көйгөй. Зомбулук менен кылмыштын себептеринин бири, туура эмес тарбия. Бала ата-энесинен эмнени көрсө, ошону туура деп кабыл алат. Эгер үй-бүлөдө атасы апасын же апасы балдарын урса, алар бири-бирин жаман сөздөр менен кемсинтип, урушуп сөгүшсө, бул бала үчүн кадимки көрүнүшкө айланып калат. Кийин бала да өзүнөн алсыздарга, аялына же балдарына үстөмдүк көрсөтө башташы мүмкүн.Эркектер арасында зомбулуктун көбөйүшүнө баланын сезимдерин жокко чыгаруу, аны менен эсептешпөө, башка балдар менен салыштыруу жана жетишкендиктери менен жөндөмдөрүнө жетиштүү көңүл бурбоо да таасир этет. Биз кээде баланы колдоп, мактап, шыктандыруунун ордуна аны өзүбүзгө, чоңдорго ыңгайлуу кылып тарбиялоого аракет кылабыз.Мунун баары баланын өзүнө болгон баасын төмөндөтүп, эмоцияларын сыртка чыгара албай, сезимдерин ичинде топтоп жүрүшүнө алып келиши мүмкүн. Натыйжада бул көйгөйлөр кийин башкача формада көрүнүшү ыктымал,” — деди Калдыбаева.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/06/1104114976_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_17cc9f4e68658c768f9ecf88b9800919.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
“Ыйлаба, сен эркексиң” деген тарбиянын таасири, эмне үчүн эркектер арасында кылмыштуулук жогору?
11:14 06.10.2026 (Жаңыртылды: 11:36 06.10.2026) Коноктор
Сейил Калдыбаева, психолог