00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Спутник над Кыргызстаном: зачем стране собственные космические технологии
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуулук насосторуна жеңилдетилген насыяны кимдер алат жана шарттары кандай?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, бугүнкү туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу “Ынтымак ордодон” кабарлашты. Мамлекет башчы россиялык кесиптешине бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Сүйлөшүү учурунда лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилешти. Садыр Жапаров Россия тарапка ШКУ иш-чараларына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүнүн соңунда алар мындан ары да кызматташтыкты бекемдеп, тыгыз байланышты уланта турганын айтышты.
Кыргызстандан Европага түз каттамдар ушул жылдын аягына чейин ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунун" жетекчиси Манас Самудинов "Манас" аэропортунун реконструкциядан кийин расмий ачылышында билдирди. Анын айтымында, Европанын авиакомпаниялары, анын ичинде Lufthansa жана эки лоукостер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Каттамдар качан жана кайсы өлкөлөргө ачылары азырынча белгисиз. Учурда Евробиримдик тарабынан кыргыз авиакомпанияларына эч кандай чектөөлөр жок, өлкө "кара тизмеден" чыгарылган. Бирок Самудинов учурда ата мекендик авиакомпанияларда алыскы каттамдарга ылайыктуу учактар ​жетпей турганын белгиледи.Ал эми Asman Airlines компаниясы Европага каттамдарды 2027-жылдын май айында жаңы учактарды алгандан кийин гана баштоону көздөп жатат.
2025-жылы Кыргызстанга 2 млрд доллардан ашык түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Медина Кайрылбекованын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, тартылган түз инвестициялардын көлөмүндө Россиянын үлүшү болжол менен 40%дан жогору. “Негизги инвесторлордун катарында биринчилерден болуп Россия, Кытай, Түркия, АКШ жана Улуу Британия турат. Россиянын үлүшү болжол менен 40%дан жогору”,- деди Амангелдиев. Ал ошондой эле чек арага жакын жайгашкан жерлер мыйзамга ылайык ижарага да, менчикке да берилбей турганын белгиледи. “Эгер мамлекеттик жер болсо, ижара акысы мамлекеттик бюджетке, ал эми жергиликтүү бийликке караштуу болсо, жергиликтүү бюджетке түшөт. Ижара акысы белгиленген тиешелүү эсептөө тартибинин негизинде аныкталат”,- деди ал. Амангелдиевдин айтымында, мыйзамда чет өлкөлүк жана ички инвесторлор өзүнчө бөлүнбөйт жана бардык инвесторлор үчүн бирдей шарт түзүлөт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө себүү үчүн лабораториялык анализден өткөрүлгөн үрөндөрдү тандоону сунуштайт. Айыл чарба министрлигин маалыматына ылайык, үрөндөрдүн сапаты атайын лабораторияларда белгиленген көрсөткүчтөр боюнча текшерилет. Анын ичинде: өнүп чыгуу жөндөмдүүлүгү; өнүп чыгуу энергиясы; сорттук тазалыгы; сортко таандыктыгы; үрөндүн фитосанитардык абалы.Анализден өткөрүлгөн үрөндөрдү тандоо бир катар артыкчылыктарды берет: Сапатсыз, булганган жана оорулуу үрөндөрдү колдонуу тобокелдигин азайтат. Өсүмдүктөрдүн бир калыпта өсүп-өнүгүшүнө шарт түзөт. Түшүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.Үрөндүн сапатына коюлган мамлекеттик жана экспорттук талаптарга шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0