https://sputnik.kg/20261126/gomeldi-boshotuu-1105146373.html
Сож жерине кайтуу. Советтик жоокерлердин Беларустун Гомелин бошотушу
Сож жерине кайтуу. Советтик жоокерлердин Беларустун Гомелин бошотушу
Sputnik Кыргызстан
Кызыл армиянын дарыядан өтүп, вермахттын коргонуусун жарып өткөн учурун @SputnikLive баяндап берет. 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T20:17+0600
2026-11-26T20:17+0600
2026-11-26T20:17+0600
дүйнөдө
улуу ата мекендик согуш
беларусь
кызыл армия
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105146195_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_77f21b7ff0bf0eafd7521aa249607553.jpg
800 күндүк оккупация жана ооруктагы согуш. Гитлерчилер Гомелди 1941-жылдын 19-августунда басып алышкан. Ага чейин шаардан 42 ишкана менен 800 миңден ашуун тургун эвакуацияланган болчу. Баскынчылар акылга сыйгыс нерселерди жасашкан: еврейлердин төрт геттосунда кармалган туткундарды жок кылып, "Дулаг-121" лагеринде адамдарды жан чыдагыс кыйноого алып, өлтүрүшкөн, бүтүндөй айыл-кыштактарды жашоочулары менен өрттөп жебиришкен. Бирок каршылык көрсөтүү улана берген. Шаарда жашыруун топтор иштеп, токойлордо баш калкалаган партизандар немецтин аскер бөлүктөрүнө сокку уруп, темир жол коммуникациясын иштен чыгарып турушкан. Гомель облусунун түштүгүндө эле душмандын 769 эшелонун жаратпай салышкан. Флангалардан урулган сокку жана дарыядан өтүү. Гомель-Речица операциясы 1943-жылы 10-ноябрда башталган. Эң чоң соккусун Беларусь фронту Гомелдин батышынан 50 чакырымдай алыс жайгашкан Доев аймагынан жасаган. Кийинчерээк чабуул шаардын түндүгүнө да өтөт. Саперлор мина коюлган талаалардан өтмөктөрдү ачып, чабуул коюучу көпүрөлөрдү курушат. Ал эми инженердик жана химиялык бөлүктөр аскерлердин дарыядан өтүүсүн камсыздап, түтөтүп турушкан. Натыйжада 11-армиянын бөлүктөрү Сож дарыясынан өтүшөт. Чабуулдун чечүүчү этабы 21-ноябрда башталган. Бул күнү 197-аткычтар дивизиясы дарыядан өтүп, салгылашууга киришет. Артиллериялык соккудан, реактивдүү снаряддардын аткылоосунан кийин советтик жөө аскерлер танкалардын колдоосу менен душмандын окопторуна кирип барышкан. Электр станциясынан желбиреген кызыл туу. 25-ноябрдын кечинде советтик аскерлер Гомель шаарына үч тараптан жакындап келишет. Курчоого түшүү коркунучу немец командачылыгын артка чегинүүгө мажбур кылат да, 26-ноябрда эртең менен шаар бошотулат. Гомель үчүн салгылашууда ефрейтор Михаил Васильев душмандын пулеметтук тобун жок кылып, Сож дарыясынан биринчилерден болуп өтүп, жолдошторуна жол ачып берген. Шаарга кирип барган соң Гомель электр станциясынын мунарасына кызыл тууну орноткон. Кечинде Москва шаарды бошоткондордун урматына 224 артиллериялык куралдан 20 жолу салют аткан. Гомель-Речица операциясынын 20 күнүндө Кызыл армия жолдун ылай-баткагына карабай душмандын коргонуусун 100 чакырымдай тилкеде жарып өтүп, 130 чакырым алдыга жыла алган. Гомель шаарынын бошотулушу советтик аскерлердин Беларустагы мындан аркы чабуулунун маанилүү этабы болду.
беларусь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105146195_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_c855930677efbf4075e329f0fcb81793.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, беларусь, кызыл армия, видео, видео
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, беларусь, кызыл армия, видео, видео
Сож жерине кайтуу. Советтик жоокерлердин Беларустун Гомелин бошотушу
Кызыл армиянын дарыядан өтүп, вермахттын коргонуусун жарып өткөн учурун @SputnikLive баяндап берет.
800 күндүк оккупация жана ооруктагы согуш. Гитлерчилер Гомелди 1941-жылдын 19-августунда басып алышкан. Ага чейин шаардан 42 ишкана менен 800 миңден ашуун тургун эвакуацияланган болчу. Баскынчылар акылга сыйгыс нерселерди жасашкан: еврейлердин төрт геттосунда кармалган туткундарды жок кылып, "Дулаг-121" лагеринде адамдарды жан чыдагыс кыйноого алып, өлтүрүшкөн, бүтүндөй айыл-кыштактарды жашоочулары менен өрттөп жебиришкен. Бирок каршылык көрсөтүү улана берген. Шаарда жашыруун топтор иштеп, токойлордо баш калкалаган партизандар немецтин аскер бөлүктөрүнө сокку уруп, темир жол коммуникациясын иштен чыгарып турушкан. Гомель облусунун түштүгүндө эле душмандын 769 эшелонун жаратпай салышкан.
Флангалардан урулган сокку жана дарыядан өтүү. Гомель-Речица операциясы 1943-жылы 10-ноябрда башталган. Эң чоң соккусун Беларусь фронту Гомелдин батышынан 50 чакырымдай алыс жайгашкан Доев аймагынан жасаган. Кийинчерээк чабуул шаардын түндүгүнө да өтөт. Саперлор мина коюлган талаалардан өтмөктөрдү ачып, чабуул коюучу көпүрөлөрдү курушат. Ал эми инженердик жана химиялык бөлүктөр аскерлердин дарыядан өтүүсүн камсыздап, түтөтүп турушкан. Натыйжада 11-армиянын бөлүктөрү Сож дарыясынан өтүшөт. Чабуулдун чечүүчү этабы 21-ноябрда башталган. Бул күнү 197-аткычтар дивизиясы дарыядан өтүп, салгылашууга киришет. Артиллериялык соккудан, реактивдүү снаряддардын аткылоосунан кийин советтик жөө аскерлер танкалардын колдоосу менен душмандын окопторуна кирип барышкан.
Электр станциясынан желбиреген кызыл туу. 25-ноябрдын кечинде советтик аскерлер Гомель шаарына үч тараптан жакындап келишет. Курчоого түшүү коркунучу немец командачылыгын артка чегинүүгө мажбур кылат да, 26-ноябрда эртең менен шаар бошотулат. Гомель үчүн салгылашууда ефрейтор Михаил Васильев душмандын пулеметтук тобун жок кылып, Сож дарыясынан биринчилерден болуп өтүп, жолдошторуна жол ачып берген. Шаарга кирип барган соң Гомель электр станциясынын мунарасына кызыл тууну орноткон.
Кечинде Москва шаарды бошоткондордун урматына 224 артиллериялык куралдан 20 жолу салют аткан. Гомель-Речица операциясынын 20 күнүндө Кызыл армия жолдун ылай-баткагына карабай душмандын коргонуусун 100 чакырымдай тилкеде жарып өтүп, 130 чакырым алдыга жыла алган. Гомель шаарынын бошотулушу советтик аскерлердин Беларустагы мындан аркы чабуулунун маанилүү этабы болду.