https://sputnik.kg/20261126/frantsiyada-ukrainadan-ulam-chon-chatak-chykty-1105135414.html
Францияда Украинага аскерлердин жашыруун жиберилишинен улам чоң чатак чыкты
Францияда Украинага аскерлердин жашыруун жиберилишинен улам чоң чатак чыкты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Француз аскерлеринин парламентке алдын ала айтылбастан Украинага жөнөтүлгөнүнөн улам Францияда өкмөт менен оппозициянын ортосунда... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T11:39+0600
2026-11-26T11:39+0600
2026-11-26T11:39+0600
дүйнөдө
франция
украина
россия
аскер
жаңжал
согуш
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1c/1097461379_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_c5fb076aebb48180a633ece60b1ced0e.jpg
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Француз аскерлеринин парламентке алдын ала айтылбастан Украинага жөнөтүлгөнүнөн улам Францияда өкмөт менен оппозициянын ортосунда олуттуу саясий жаңжал чыкты. Бул туурасында Politico басылмасы жазды. Франциянын Куралдуу күчтөр боюнча министринин орун басары Алиса Рюфо Сенаттын жабык жыйынына чакырылып, түшүндүрмө берген. Буга чейин ал Украинада француз адистери бар экенин, алар аскердик техникаларды тейлөө жана аны колдонуу боюнча нускама берип иштээрин ырастаган. Мындай жагдай ар кыл саясий күчтөрдүн кескин сынына кабылды. Оңчул "Республикачылар" партиясынын өкүлү Седрик Перрен бийлик бул тууралуу жок дегенде парламенттин тиешелүү комитеттерине же эки палатанын жетекчилерине алдын ала билдиргенге милдеттүү экенин баса белгиледи. Анын пикиринде, маалыматтын жашырылышы президент Эммануэль Макрондун парламентти канчалык көзгө илбегендигин көрсөтөт. Ошондой эле ал бийлик Россияны калп айтып жатат деп айыптап коюп, ошол эле учурда өздөрү маалыматты жашырып жатканын, бул туура эместигин айтты. Солчул "Багынбаган Франция" партиясынын өкүлү Бастьен Лашо мындай кадамдар өлкөнү түздөн-түз куралдуу жаңжалга аралаштырып коюшу мүмкүндүгүн эскертти. Politico бул саясий жаңжал Францияда 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдык жүрүп жаткан маалда чыкканын жазды. Президенттик кызматка негизги талапкерлердин катарында турган оңчул күчтөрдүн лидери Марин Ле Пен менен солчулдардын өкүлү Жан-Люк Меланшон Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча азыркы бийликтин саясатын колдобой турганын билдиришкен. Париждеги Россиянын элчилиги РИА Новости агенттигине берген комментарийинде француз аскерлеринин Украинада болушун абалды курчуткан дагы бир көрүнүш катары баалады. Дипломаттардын айтымында, мындай кадам жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, өзөктүк куралы бар мамлекеттердин кагылышып кетүү коркунучун күчөтөт. Ошондой эле алар чет өлкөлүк аскерлердин кайсынысы болбосун, Россия армиясы үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилешкен.
https://sputnik.kg/20261121/zelenskij-francziya-zhardam-tynchsyzdanuu-1105042423.html
франция
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1c/1097461379_340:0:3071:2048_1920x0_80_0_0_7aab2b85efb73a628bee6d4d29babd37.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, франция, украина, россия, аскер, жаңжал, согуш
дүйнөдө, франция, украина, россия, аскер, жаңжал, согуш
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Француз аскерлеринин парламентке алдын ала айтылбастан Украинага жөнөтүлгөнүнөн улам Францияда өкмөт менен оппозициянын ортосунда олуттуу саясий жаңжал чыкты. Бул туурасында
Politico басылмасы жазды.
Франциянын Куралдуу күчтөр боюнча министринин орун басары Алиса Рюфо Сенаттын жабык жыйынына чакырылып, түшүндүрмө берген. Буга чейин ал Украинада француз адистери бар экенин, алар аскердик техникаларды тейлөө жана аны колдонуу боюнча нускама берип иштээрин ырастаган.
Мындай жагдай ар кыл саясий күчтөрдүн кескин сынына кабылды.
Оңчул "Республикачылар" партиясынын өкүлү Седрик Перрен бийлик бул тууралуу жок дегенде парламенттин тиешелүү комитеттерине же эки палатанын жетекчилерине алдын ала билдиргенге милдеттүү экенин баса белгиледи. Анын пикиринде, маалыматтын жашырылышы президент Эммануэль Макрондун парламентти канчалык көзгө илбегендигин көрсөтөт. Ошондой эле ал бийлик Россияны калп айтып жатат деп айыптап коюп, ошол эле учурда өздөрү маалыматты жашырып жатканын, бул туура эместигин айтты.
Солчул "Багынбаган Франция" партиясынын өкүлү Бастьен Лашо мындай кадамдар өлкөнү түздөн-түз куралдуу жаңжалга аралаштырып коюшу мүмкүндүгүн эскертти.
"Эгер француз аскерлерин согушка алып кетсе, Франция парламенттин эч кандай макулдугусуз (добуш берүүсүз) эле Россия менен согушуп жаткан абалга кептелет", — деген депутат.
Politico бул саясий жаңжал Францияда 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдык жүрүп жаткан маалда чыкканын жазды. Президенттик кызматка негизги талапкерлердин катарында турган оңчул күчтөрдүн лидери Марин Ле Пен менен солчулдардын өкүлү Жан-Люк Меланшон Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча азыркы бийликтин саясатын колдобой турганын билдиришкен.
Париждеги Россиянын элчилиги РИА Новости агенттигине берген комментарийинде француз аскерлеринин Украинада болушун абалды курчуткан дагы бир көрүнүш катары баалады. Дипломаттардын айтымында, мындай кадам жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, өзөктүк куралы бар мамлекеттердин кагылышып кетүү коркунучун күчөтөт. Ошондой эле алар чет өлкөлүк аскерлердин кайсынысы болбосун, Россия армиясы үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилешкен.