https://sputnik.kg/20261121/zelenskij-francziya-zhardam-tynchsyzdanuu-1105042423.html
Зеленский Макрон кетсе, Франция жардамды токтотот деп тынчсызданууда
Зеленский Макрон кетсе, Франция жардамды токтотот деп тынчсызданууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский француз лидери Эммануэль Макрон кызматтан кеткенден кийин Франция тараптан көрсөтүлүп... 21.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-21T15:40+0600
2026-11-21T15:40+0600
2026-11-21T15:40+0600
дүйнөдө
владимир зеленский
эммануэль макрон
франция
украина
президенттик шайлоо
марин ле пен
https://sputnik.kg/img/07e9/09/09/1096396665_0:1:3072:1729_1920x0_80_0_0_c72b0f4873cf7e3af2c4a6e4280dee84.jpg
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский француз лидери Эммануэль Макрон кызматтан кеткенден кийин Франция тараптан көрсөтүлүп жаткан жардам токтоп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатат. Бул тууралуу франциялык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.Маалыматтарга караганда, согуштук аракеттер башталгандан бери Франция Украинаны колдоп келген, бирок шайлоо алдындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы жана талапкерлердин билдирүүлөрү Киевди тынчсыздандырууда.Франциядагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 18-апрелинде өтөт, зарыл болгон учурда экинчи тур 2-майга белгиленет. Фавориттердин катарында оңчул "Улуттук бирикме" партиясынын парламенттик фракциясынын башчысы Марин Ле Пен аталууда. Анын башкы атаандашы катары экинчи турга өтүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар "Баш ийбеген Франция" солчул партиясынын лидери Жан-Люк Меланшон айтылууда. Ле Пен да, Меланшон да буга чейин Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каршы чыгышкан.Ал эми Макрон катары менен экинчи мөөнөткө шайлангандыктан, бул шайлоого катыша албайт.
https://sputnik.kg/20261121/zelenskij-ukraina-kyshtan-chyguu-kyjyn-1105041359.html
франция
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/09/1096396665_165:0:2896:2048_1920x0_80_0_0_c97c68e7781d94024c5024cdccdf98bb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, владимир зеленский, эммануэль макрон, франция, украина, президенттик шайлоо, марин ле пен
дүйнөдө, владимир зеленский, эммануэль макрон, франция, украина, президенттик шайлоо, марин ле пен
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский француз лидери Эммануэль Макрон кызматтан кеткенден кийин Франция тараптан көрсөтүлүп жаткан жардам токтоп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатат. Бул тууралуу франциялык ЖМКларга шилтеме берип
РИА Новости жазды. Маалыматтарга караганда, согуштук аракеттер башталгандан бери Франция Украинаны колдоп келген, бирок шайлоо алдындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы жана талапкерлердин билдирүүлөрү Киевди тынчсыздандырууда.
Франциядагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 18-апрелинде өтөт, зарыл болгон учурда экинчи тур 2-майга белгиленет. Фавориттердин катарында оңчул "Улуттук бирикме" партиясынын парламенттик фракциясынын башчысы Марин Ле Пен аталууда. Анын башкы атаандашы катары экинчи турга өтүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар "Баш ийбеген Франция" солчул партиясынын лидери Жан-Люк Меланшон айтылууда. Ле Пен да, Меланшон да буга чейин Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каршы чыгышкан.
Ал эми Макрон катары менен экинчи мөөнөткө шайлангандыктан, бул шайлоого катыша албайт.