https://sputnik.kg/20261126/amangeldiev-eehktin-zhyjynyna-katyshty-1105134158.html
Амангелдиев ЕЭКтин Москвадагы жыйынына катышты. Каралган маселелер
Амангелдиев ЕЭКтин Москвадагы жыйынына катышты. Каралган маселелер
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T11:17+0600
2026-11-26T11:17+0600
2026-11-26T12:02+0600
кыргызстан
еаэб
жыйын
данияр амангелдиев
долбоор
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105133778_0:147:1600:1047_1920x0_80_0_0_0f7c6e5ab9a34a65841cfa1079ac5da8.jpg
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөт кабарлады. Катышуучулар евразиялык экономикалык интеграциянын негизги багыттарын камтыган күн тартибиндеги 48 маселени карап чыгышкан. Мында негизги көңүл соода-экономикалык кызматташтыкка, өнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенүүгө, энергетикага, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерге бурулганы айтылды. Кабыл алынган чечимдер:
https://sputnik.kg/20261120/kozhoshev-evraziyadagy-transporttuk-koridorlor-1105036542.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1a/1105133778_111:0:1534:1067_1920x0_80_0_0_70bacf95dd595f8a3f962bd452b003dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэб, жыйын, данияр амангелдиев, долбоор
кыргызстан, еаэб, жыйын, данияр амангелдиев, долбоор
Амангелдиев ЕЭКтин Москвадагы жыйынына катышты. Каралган маселелер
11:17 26.11.2026 (Жаңыртылды: 12:02 26.11.2026) БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
Катышуучулар евразиялык экономикалык интеграциянын негизги багыттарын камтыган күн тартибиндеги 48 маселени карап чыгышкан. Мында негизги көңүл соода-экономикалык кызматташтыкка, өнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенүүгө, энергетикага, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерге бурулганы айтылды.
2027-жылы ЕАЭБге Кыргызстандын төрагалык кылуусу тууралуу чечим жактырылды;
ЕАЭБ алкагында органикалык продукцияны таануу тартиби жөнүндөгү макулдашуунун долбоору жактырылды. Документ продукциянын жүгүртүлүшүн жана сатылышын жөнөкөйлөштүрөт;
ЕАЭБдин "Синтетикалык жуугуч каражаттардын жана тиричилик химиясынын продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти кабыл алынды. Документ коопсуздук талаптарын, анын ичинде шайкештикти баалоо, продукцияны идентификациялоо жана маркалоо эрежелерин белгилеп, 2032-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.