https://sputnik.kg/20261126/340-erte-nike-kattalgan--1105146927.html
Былтыр 327 өспүрүм кыз кош бойлуу болуп катталып, 64 гана иш козголгон
Былтыр 327 өспүрүм кыз кош бойлуу болуп катталып, 64 гана иш козголгон
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2025-жылы жашы жете электер менен никеге туруунун 340 учуру катталган, бирок алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T17:18+0600
2026-11-26T17:18+0600
2026-11-26T17:18+0600
кыргызстан
акыйкатчы институту
нике
кылмыш
өспүрүм
мониторинг
профилактика
иш
https://sputnik.kg/img/07e8/05/14/1085306351_1020:815:3017:1938_1920x0_80_0_0_0021c81b56648c4bd13fa8c6f08a7602.jpg
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2025-жылы жашы жете электер менен никеге туруунун 340 учуру катталган, бирок алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди. Мекеме Нарын жана Ысык-Көл облустарында эрте никеге турууну жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугун алдын алуу багытында мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында мамлекеттик органдар профилактикалык иштерди туруктуу алып барбай, эрте турмушка чыккан кыздардын окуусун улантуусун көзөмөлдөбөй жатканы аныкталган. Ошондой эле балдар иштери боюнча комиссиялар нике курагын төмөндөтүү тууралуу арыздардын дээрлик баарын негиздерин текшербестен канааттандырган. Айрым учурларда кыздардын кош бойлуулугун тастыктаган документтер да талап кылынган эмес. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 327 өспүрүм кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынган. Алардын 315и көз жарып, төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. Мындан тышкары, 39 кыз боюнан алдырган. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштар жөнөтүлдү.
https://sputnik.kg/20260121/akykatchy-institutuna-zhyl-sayyn-10-mingge-zhakyn-aryz-tushoot-1099266255.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/14/1085306351_1264:829:2889:2048_1920x0_80_0_0_f45e0175785f061983ea7fe6eed3f6c8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акыйкатчы институту, нике, кылмыш, өспүрүм, мониторинг, профилактика, иш
кыргызстан, акыйкатчы институту, нике, кылмыш, өспүрүм, мониторинг, профилактика, иш
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2025-жылы жашы жете электер менен никеге туруунун 340 учуру катталган, бирок алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Мекеме Нарын жана Ысык-Көл облустарында эрте никеге турууну жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугун алдын алуу багытында мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында мамлекеттик органдар профилактикалык иштерди туруктуу алып барбай, эрте турмушка чыккан кыздардын окуусун улантуусун көзөмөлдөбөй жатканы аныкталган.
Ошондой эле балдар иштери боюнча комиссиялар нике курагын төмөндөтүү тууралуу арыздардын дээрлик баарын негиздерин текшербестен канааттандырган. Айрым учурларда кыздардын кош бойлуулугун тастыктаган документтер да талап кылынган эмес.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 327 өспүрүм кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынган. Алардын 315и көз жарып, төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. Мындан тышкары, 39 кыз боюнан алдырган.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштар жөнөтүлдү.