00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Милдеттүү медициналык камсыздандыруусу бар жаран 42 анализ түрүн акысыз тапшыра алат
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Кыргыз ушунусу жок эле жашап келди го..." ЖКда самокат маселеси талаш жаратты

© Sputnik / Бакыт СмаиловБишкектеги самокаттар. Архив
Бишкектеги самокаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш электр самокаттарын ижарага берүүгө жаш курак боюнча чектөө киргизүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бирок жыйында эл өкүлдөрү маселе боюнча бир пикирге келе албай, ар кандай сунуштарын айтышты.
Демилгечи депутат Медер Чотонов жашы жете электерге электр самокаттарын ижарага берүүгө чектөө киргизүүнү сунуштаган. Төрага Марлен Маматалиев бардык сунуштар мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо эске алынарын билдирди.
Талкуу учурунда депутаттар төмөнкүдөй пикирлерин ортого салышты:
Жаныбек Абиров жана Советбек Рустамбек уулу самокаттар кооптуулук жаратып жатканын, ал эми айдоочулардын жаш курагын текшерүү милицияга кошумча жүк болорун айтып, аларга толук тыюу салууну сунушташты;
Уланбек Жаанбаев чектөө ижарадагы самокаттарга гана тиешелүү болсо адилетсиз болуп каларын айтып, талаптар жеке менчик жана ижарадагы самокаттарга бирдей колдонулушу керектигин белгиледи. Камила Талиева да самокатчылар пенсионерлерди сүзүп качып кеткен учурларды эске салып, ата-энеси сатып берген самокаттарды мыйзамда камтууну сунуштады;
Улан Сариев самокаттар менен скутерлерге тротуарда жүрүүгө тыюу салынса колдой турганын айтса, Дастан Бекешев толук тыюуга каршы чыгып, аларды тротуардан чыгарып, автобус тилкеси менен жүрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады;
Дастанбек Жумабеков баяндамачы 16 жаш десе, документте 18 жаш көрсөтүлгөнүн айтып, "жеке мобилдүүлүк каражаттары" деген түшүнүктү так аныктоого чакырды. Ал эми Улугбек Ормонов чектөөлөр ишкерлер менен жарандарга таасир этерин белгилеп, экономикалык талдоо жүргүзүү зарылдыгын айтты. Улукбек Узакбаев жумушчу топ түзүп, бизнес-өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири талкуулоону сунуштады.
Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2026
Бишкек мэриясы электросамокатка толук тыюу салынса эмне болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0