https://sputnik.kg/20261120/bshk-prezidenttik-shayloodo-33-lkd-74-shayloo-tilkesin-achat-1105033389.html
БШК президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкесин ачат
БШК президенттик шайлоодо 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкесин ачат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар 33 мамлекеттеги 74 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Кийинчерээк... 20.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-20T17:00+0600
2026-11-20T17:00+0600
2026-11-20T17:00+0600
кыргызстан
президенттик шайлоо
бшк
шайлоо тилкеси
добуш
https://sputnik.kg/img/101352/14/1013521476_0:154:3092:1893_1920x0_80_0_0_baaa4a0d0fc2db4868faa666db4cc40b.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар 33 мамлекеттеги 74 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Кийинчерээк алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелеринин эң көбү Россияда ачылат, ал жакта 20 тилке иштейт. Түркия менен Казакстанда алтыдан, АКШда беш, Түштүк Корея менен Италияда үчтөн тилке болот. Ал эми Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден шайлоо тилкеси ачылат. Калган 23 тилке Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда уюштурулат. Түзүлгөн шайлоо тилкелеринин толук тизмеси жана даректери менен БШКнын сайтынан таанышууга болот.
https://sputnik.kg/20261118/zhaparov-elge-bashka-talapkerlerdi-da-koldoogo-chakyrdy-1104980776.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101352/14/1013521476_181:0:2912:2048_1920x0_80_0_0_86502e9dac8846123010926ee77838b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, президенттик шайлоо, бшк, шайлоо тилкеси, добуш
кыргызстан, президенттик шайлоо, бшк, шайлоо тилкеси, добуш
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар 33 мамлекеттеги 74 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Кийинчерээк алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелеринин эң көбү Россияда ачылат, ал жакта 20 тилке иштейт. Түркия менен Казакстанда алтыдан, АКШда беш, Түштүк Корея менен Италияда үчтөн тилке болот. Ал эми Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден шайлоо тилкеси ачылат.
Калган 23 тилке Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда уюштурулат.
Түзүлгөн шайлоо тилкелеринин толук тизмеси жана даректери менен БШКнын сайтынан таанышууга болот.