https://sputnik.kg/20261119/ulgaygan-adamdar-yunfpa-1104993800.html
ЮНФПА: улгайган адамдар өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошо алат
ЮНФПА: улгайган адамдар өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошо алат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда улгайгандарды коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алган тең укуктуу жарандар катары кароо керек. Бул... 19.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-19T12:50+0600
2026-11-19T12:50+0600
2026-11-19T12:50+0600
кыргызстан
жаш курак
улгайган адам
калк
демография
изилдөө
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1d/1093649900_0:43:825:507_1920x0_80_0_0_1b06c385604277b409ddbe45fd7a6598.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда улгайгандарды коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алган тең укуктуу жарандар катары кароо керек. Бул тууралуу БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бактыбек Кайназаров "Кыргызстандагы калктын картаюусу жана жакырчылык" аттуу изилдөөнүн жыйынтыктары тааныштырылган иш-чарада билдирди. Анын айтымында, улгайган адамдардын тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн коомдун өнүгүүсүнө пайдалануу маанилүү. Бул калктын картаюусунан улам жаралган кыйынчылыктарды гана эмес, анын экономикалык жана социалдык жактан бере турган мүмкүнчүлүктөрүн да эске алууну билдирет. Кайназаров изилдөө калктын картаюусуна байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого, артыкчылыктуу багыттарды белгилөөгө жана кайсы тармактарга кошумча каражат бөлүү керектигин түшүнүүгө жардам берерин айтты. Изилдөөгө ылайык, 2026-жылдын башында Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагылар калктын 6,4 пайызын түзгөн. Бирок Кайназаров миграциялык процесстерди эске алганда бул көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө бекитилген демографиялык саясаттын концепциясын ишке ашыруунун маанисине токтолуп, улгайган адамдардын кеңешин түзүү демилгесин колдоду. Кайназаровдун пикиринде, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Казакстандын, ошондой эле Армениянын тажрыйбасын үйрөнүшү керек. Бул мамлекеттерде улгайган адамдарга ыңгайлуу шаарларды куруу боюнча сунуштар айтылып жатат.
https://sputnik.kg/20261119/ayaldar-erkekterge-karaganda-uzak-zhashayt-1104991039.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1d/1093649900_46:0:779:550_1920x0_80_0_0_432f53dce325d395272caf3880e1f08c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жаш курак, улгайган адам, калк, демография, изилдөө
кыргызстан, жаш курак, улгайган адам, калк, демография, изилдөө
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда улгайгандарды коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алган тең укуктуу жарандар катары кароо керек. Бул тууралуу БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бактыбек Кайназаров "Кыргызстандагы калктын картаюусу жана жакырчылык" аттуу изилдөөнүн жыйынтыктары тааныштырылган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, улгайган адамдардын тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн коомдун өнүгүүсүнө пайдалануу маанилүү. Бул калктын картаюусунан улам жаралган кыйынчылыктарды гана эмес, анын экономикалык жана социалдык жактан бере турган мүмкүнчүлүктөрүн да эске алууну билдирет.
Кайназаров изилдөө калктын картаюусуна байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого, артыкчылыктуу багыттарды белгилөөгө жана кайсы тармактарга кошумча каражат бөлүү керектигин түшүнүүгө жардам берерин айтты.
Изилдөөгө ылайык, 2026-жылдын башында Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагылар калктын 6,4 пайызын түзгөн. Бирок Кайназаров миграциялык процесстерди эске алганда бул көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Ошондой эле ал өлкөдө бекитилген демографиялык саясаттын концепциясын ишке ашыруунун маанисине токтолуп, улгайган адамдардын кеңешин түзүү демилгесин колдоду.
Кайназаровдун пикиринде, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Казакстандын, ошондой эле Армениянын тажрыйбасын үйрөнүшү керек. Бул мамлекеттерде улгайган адамдарга ыңгайлуу шаарларды куруу боюнча сунуштар айтылып жатат.