https://sputnik.kg/20261117/alagozov-suvanalievge-zhoop-berdi-1104945411.html
Президент тест боюнча тапшырма берген эмес. Алагөзов Суваналиевдин сөзүнө жооп берди
Президент тест боюнча тапшырма берген эмес. Алагөзов Суваналиевдин сөзүнө жооп берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча тапшырма берилген эмес. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Өмүрбек... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T13:25+0600
2026-11-17T13:25+0600
2026-11-17T13:25+0600
кыргызстан
аскат алагөзов
өмүрбек суваналиев
кыргызтест системасы
тапшырма
https://sputnik.kg/img/104601/12/1046011277_0:90:1600:990_1920x0_80_0_0_208ce85485af9a5048fe382a81410f3e.jpg
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча тапшырма берилген эмес. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин айткандарына жооп берди.Алагөзовдун айтымында, Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкер болгусу келгендер менен да жолуккан. Алардын биринде "Кыргызтесттен" өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлгөн.Эске салсак, Суваналиев жакында чыккан маектеринин биринде өлкө башчы бардык талапкерлерди өткөргүлө, эч кимди тесттен кулатпагыла деген көрсөтмө бергенин айткан.
https://sputnik.kg/20261110/prezidenttin-maalymat-katchysy-alagozov-kayryluu-zhasady-1104803755.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104601/12/1046011277_0:0:1424:1067_1920x0_80_0_0_a7badb364f65334127e9d7c6c8505226.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аскат алагөзов, өмүрбек суваналиев, кыргызтест системасы, тапшырма
кыргызстан, аскат алагөзов, өмүрбек суваналиев, кыргызтест системасы, тапшырма
Президент тест боюнча тапшырма берген эмес. Алагөзов Суваналиевдин сөзүнө жооп берди
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча тапшырма берилген эмес. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин айткандарына жооп берди.
Алагөзовдун айтымында, Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкер болгусу келгендер менен да жолуккан. Алардын биринде "Кыргызтесттен" өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлгөн.
"Мамлекет башчысы тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мыйзам жол берерин айткан. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес. Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес", — деди Алагөзов.
Эске салсак, Суваналиев жакында чыккан маектеринин биринде өлкө башчы бардык талапкерлерди өткөргүлө, эч кимди тесттен кулатпагыла деген көрсөтмө бергенин айткан.