https://sputnik.kg/20261105/nikabga-ayypty-azaytuu-sunushtaldy-1104732315.html
Көчөдө жүзүн чүмбөттөп жүргөндөргө салынчу айып пулду азайтуу сунушталды
Көчөдө жүзүн чүмбөттөп жүргөндөргө салынчу айып пулду азайтуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде жүзүн жаап алгандарга салынуучу айып пулду 20 миңден 10 миң сомго чейин азайтуу... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T13:08+0600
2026-11-05T13:08+0600
2026-11-05T13:08+0600
кыргызстан
никаб
паранжа
мыйзам
айып
парламент
https://sputnik.kg/img/07e9/04/04/1093104618_0:135:1440:945_1920x0_80_0_0_b7ac3e45f7640fd1762912d61df5914d.jpg
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде жүзүн жаап алгандарга салынуучу айып пулду 20 миңден 10 миң сомго чейин азайтуу сунушталды. Төрага Марлен Маматалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана атайын талаптарга жооп берген медициналык бет кап колдонгондорго алгач эскертүү берүү каралууда. Долбоордо жоопкерчиликтин төмөнкүдөй тартиби каралган: Документтин авторлору айып пулдун азыркы өлчөмү, өзгөчө кирешеси аз жарандар үчүн оорчулук жаратарын белгилешкен. Долбоор кабыл алынса чет өлкөлүк жарандар да Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, инсандыгын аныктоо зарыл болгон учурда жүзүн убактылуу ачууга милдеттүү болот.
https://sputnik.kg/20250408/nikab-paranzha-muftiyat-din-1093176752.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/04/1093104618_0:0:1440:1080_1920x0_80_0_0_c7e01587178d276fefa90eee641c805b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, никаб, паранжа, мыйзам, айып, парламент
кыргызстан, никаб, паранжа, мыйзам, айып, парламент
Көчөдө жүзүн чүмбөттөп жүргөндөргө салынчу айып пулду азайтуу сунушталды
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде жүзүн жаап алгандарга салынуучу айып пулду 20 миңден 10 миң сомго чейин азайтуу сунушталды. Төрага Марлен Маматалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана атайын талаптарга жооп берген медициналык бет кап колдонгондорго алгач эскертүү берүү каралууда.
Долбоордо жоопкерчиликтин төмөнкүдөй тартиби каралган:
чет элдиктерге жана медициналык бет кап менен жүзүн толук жапкан адамдарга алгач эскертүү берилет;
ушул талапты сактабай, мыйзам бузуп эскертүү алгандан кийин бир жыл ичинде кайталанса 10 миң сом айып салынат;
башка учурларда жүзүн толук жапкан адамдарга 10 миң сом айып пул каралат.
Медициналык бет кап тагынуунун өзү мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Ошондой эле оозу-мурдун гана жабууга тыюу салынбайт.
Документтин авторлору айып пулдун азыркы өлчөмү, өзгөчө кирешеси аз жарандар үчүн оорчулук жаратарын белгилешкен. Долбоор кабыл алынса чет өлкөлүк жарандар да Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, инсандыгын аныктоо зарыл болгон учурда жүзүн убактылуу ачууга милдеттүү болот.