https://sputnik.kg/20261105/migranttarga-miyzam-kataaldashty-1104727846.html
Чет элдиктерди Россиядан чыгарууга негиз болгон мыйзам бузуулардын тизмеси кеңейтилди
Чет элдиктерди Россиядан чыгарууга негиз болгон мыйзам бузуулардын тизмеси кеңейтилди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россияда чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн депортациялоого негиз болчу административдик укук бузуулардын тизмеси эки эседен ашык... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T10:11+0600
2026-11-05T10:11+0600
2026-11-05T10:13+0600
россия
мигрант
тартип
мыйзам
тим
жаңы тартип
депортация
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/15/1090322128_0:0:3100:1745_1920x0_80_0_0_c2cf14d81acb19bc79cca58d2496cfb0.jpg
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россияда чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн депортациялоого негиз болчу административдик укук бузуулардын тизмеси эки эседен ашык кеңейтилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, буга чейин айып пул салуу менен чектелген айрым аракеттер эми өлкөдөн чыгарууга негиз болушу мүмкүн. Өзгөртүүлөр 3-ноябрдан тартып күчүнө кирди. Эми төмөнкү аракеттер үчүн чет элдиктерди Россиядан мажбурлап чыгаруу чечими кабыл алынышы мүмкүн: ТИМ Россияда жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктарды жаңы талаптар менен жакшылап таанышып, өлкөдө жүрүү тартибин жана мыйзамдарды так сактоого чакырды.
https://sputnik.kg/20260921/rfte-med-teksheruudon-otuu-moonotuu-kyskardy-1103806000.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/15/1090322128_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_c6ac55dea44062c08f826655d55a49e7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, мигрант, тартип, мыйзам, тим, жаңы тартип, депортация
россия, мигрант, тартип, мыйзам, тим, жаңы тартип, депортация
Чет элдиктерди Россиядан чыгарууга негиз болгон мыйзам бузуулардын тизмеси кеңейтилди
10:11 05.11.2026 (Жаңыртылды: 10:13 05.11.2026) БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россияда чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн депортациялоого негиз болчу административдик укук бузуулардын тизмеси эки эседен ашык кеңейтилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, буга чейин айып пул салуу менен чектелген айрым аракеттер эми өлкөдөн чыгарууга негиз болушу мүмкүн. Өзгөртүүлөр 3-ноябрдан тартып күчүнө кирди.
Эми төмөнкү аракеттер үчүн чет элдиктерди Россиядан мажбурлап чыгаруу чечими кабыл алынышы мүмкүн:
укук коргоо органдарынын же аскер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө;
чогулуштарды, митингдерди жана башка коомдук иш-чараларды уюштуруу же өткөрүү тартибин бузуу;
Россиянын Куралдуу күчтөрүн жаманатты кылууга багытталган ачык аракеттерди жасоо;
интернетте адамдын кадыр-баркын жана коомдук адеп-ахлакты кемсинткен маалыматтарды таратуу;
Россияга каршы санкция киргизүүгө чакыруу;
басмырлоо көрүнүштөрүнө жол берүү;
нацисттик же экстремисттик символиканы пропагандалоо;
баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү.
ТИМ Россияда жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктарды жаңы талаптар менен жакшылап таанышып, өлкөдө жүрүү тартибин жана мыйзамдарды так сактоого чакырды.