https://sputnik.kg/20261105/mendel-ukrainanyn-bagynyp-berishi-kerektigin-aytty-1104726579.html
Мендель: согуш созула берсе, Украина үчүн багынып берүүдөн башка жол калбайт
Мендель: согуш созула берсе, Украина үчүн багынып берүүдөн башка жол калбайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Эгер Киев тынчтык келишимине барбаса, Украина Россияга багынып берүүгө аргасыз болот. Мындай пикирин Владимир Зеленскийдин мурдагы... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T09:45+0600
2026-11-05T09:45+0600
2026-11-05T10:03+0600
дүйнөдө
россия
украина
акш
сүйлөшүү
аймак
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/15/1080631591_50:0:3691:2048_1920x0_80_0_0_e90a887fc3b29df8d0c76d8783e20110.jpg
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Эгер Киев тынчтык келишимине барбаса, Украина Россияга багынып берүүгө аргасыз болот. Мындай пикирин Владимир Зеленскийдин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель Германиянын Berliner Zeitung гезитине берген маегинде билдирди. Менделдин айтымында, Батышта көпчүлүк Украина жеңип, алдырып жиберген жерлерин кайтарып алат деп жаңылыш ойлошот. "Бүгүнкү күндө Украина үчүн жеңиштин жалгыз жолу — реалдуу тынчтык келишимин түзүү", — деген ал. Киевге тынчтык орнотуу боюнча боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде Украина, АКШ жана Россиянын катышуусунда 10 –11-ноябрда өтмөкчү. АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткоффтун айтымында, жолугушуунун алдында америкалык ортомчулар Брюсселде Франция, Германия, Британия, Европа биримдиги жана НАТО өкүлдөрү менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулайт. Кремлден россиялык делегация да катышарын тастыкташты. Аны президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектемекчи. Буга чейин РФ лидери Владимир Путин Россия украин жаңжалын чечүү боюнча байланыштарды кайра жандантууга даяр экенин билдирген. Анын максаты — тынчтык келишиминин акыркы вариантына кол коюлгандан кийин Россия менен Украинанын коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулоо.
https://sputnik.kg/20261013/the-washington-post-ukraina-tynchtyk-plany-detaldary-1104266284.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/15/1080631591_938:0:3669:2048_1920x0_80_0_0_6a2530e564b237a39b57626ced0cb239.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, сүйлөшүү, аймак
дүйнөдө, россия, украина, акш, сүйлөшүү, аймак
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Эгер Киев тынчтык келишимине барбаса, Украина Россияга багынып берүүгө аргасыз болот. Мындай пикирин Владимир Зеленскийдин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель Германиянын
Berliner Zeitung гезитине берген маегинде билдирди.
"Согуш дагы узакка созула берсе, тилекке каршы, Украина үчүн багынып берүүдөн башка жол калбайт. Биз адамдардан айрылып жатабыз. Өлкө аймагынын бир бөлүгү жок деле жашай алат, бирок эли жок жашай албайт. Мындай көз карашты көптөгөн саясатчылар, экономисттер жана эксперттер да колдошот", — деди ал Абу-Дабиде өтө турган сүйлөшүүлөр боюнча.
Менделдин айтымында, Батышта көпчүлүк Украина жеңип, алдырып жиберген жерлерин кайтарып алат деп жаңылыш ойлошот.
"Бүгүнкү күндө Украина үчүн жеңиштин жалгыз жолу — реалдуу тынчтык келишимин түзүү", — деген ал.
Киевге тынчтык орнотуу боюнча боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде Украина, АКШ жана Россиянын катышуусунда 10 –11-ноябрда өтмөкчү.
АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткоффтун айтымында, жолугушуунун алдында америкалык ортомчулар Брюсселде Франция, Германия, Британия, Европа биримдиги жана НАТО өкүлдөрү менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулайт. Кремлден россиялык делегация да катышарын тастыкташты. Аны президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектемекчи.
Буга чейин РФ лидери Владимир Путин Россия украин жаңжалын чечүү боюнча байланыштарды кайра жандантууга даяр экенин билдирген. Анын максаты — тынчтык келишиминин акыркы вариантына кол коюлгандан кийин Россия менен Украинанын коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулоо.