Манас шаарында МИКтин 1 065 батирлүү "Асман Резиденс-7" комплекси ачылды
Манас шаарында МИКтин 1 065 батирлүү "Асман Резиденс-7" комплекси ачылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Манас шаарында "Асман Резиденс-7" турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Манас шаарында "Асман Резиденс-7" турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. "Асман Резиденс-7" 15 кабаттуу 12 блоктон турат. Комплексте жалпы 1 065 батир бар. Ошондой эле Манас шаарындагы 600 батирлүү "Асман-8" жана Сузактагы 312 батирлүү "Асман-14" турак жайлары ачылды. Мындан сырткары, Касымалиев Жалал-Абад облусундагы дагы 14 объектинин ачылышына онлайн катышты. Алардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу, жаңы мектептер, Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Базар-Коргондогу кыш заводу, Ноокен жана Сузак райондорундагы спорт жана маданият жайлары бар.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Манас шаарында "Асман Резиденс-7" турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Асман Резиденс-7" 15 кабаттуу 12 блоктон турат. Комплексте жалпы 1 065 батир бар.
Манас шаарында "Асман Резиденс-7" турак жай комплекси пайдаланууга берилди
Ошондой эле Манас шаарындагы 600 батирлүү "Асман-8" жана Сузактагы 312 батирлүү "Асман-14" турак жайлары ачылды.
Мындан сырткары, Касымалиев Жалал-Абад облусундагы дагы 14 объектинин ачылышына онлайн катышты. Алардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу, жаңы мектептер, Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Базар-Коргондогу кыш заводу, Ноокен жана Сузак райондорундагы спорт жана маданият жайлары бар.