https://sputnik.kg/20261105/alesha-esteligi-zhana-anyn-tarzhymaly--1104739823.html
"Алеша" эстелиги жана анын таржымалы. Тарыхый видео
"Алеша" эстелиги жана анын таржымалы. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
1957-жылдын 5-ноябрында Болгария шаарларынын биринде фашисттик баскынчылардан бошоткон советтик жоокерге "Алеша" деп аталган эстелик орнотулган. 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T20:16+0600
2026-11-05T20:16+0600
2026-11-05T20:16+0600
улуу ата мекендик согуш
согуш
болгария
советтик армия
жоокер
бошотуу
эстелик
тарых
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104740136_0:132:1000:695_1920x0_80_0_0_948fd5d7d9d21bb979454c540360d805.jpg
Советтик жоокерлердин урматына эстелик тургузуу демилгесин Пловдивдин тургундары 1948-жылы көтөрөт. Сынак жарыяланып, Васил Радославов жетектеген жамааттын долбоору жеңет. долбоордо Болгариядан чогулган архитекторлордун чыгармачыл 10 жамааты иштеген. Шаардын үстү жагында, Бунаржик дөңсөөсүнө автоматын жерге каратып, чыгышты тиктеп турган он бир метрлик айкел — советтик жоокерди тургузушат. Ал шаардын кайсы бурчунан болбосун көзгө даана көрүнөт. Айкелдин алдында жүз тепкич турат. Постамент "Советтик армия душманды талкалоодо" жана "Эл советтик жоокерлерди тосуп алууда" деген барельефтер менен кооздолгон Жоокердин прототиби 3-Украин фронтунун катардагы аскери Алексей Скурлатов деп айтылып келет. Ал Болгарияны бошотууга катышып, 1944-жылы Софиядан Пловдивге чейин телефон кабелин тарткан экен. Жергиликтүү телефон станциясында иштеген Методи Витанов менен жакшы мамиледе болуп, достошуп кетет. Маалыматтардын биринде скульптор Васил Радославовго жоокердин сүрөтүн ошол киши алып келип берген деп айтылат. 1966-жылы акын Константин Ваншенкин менен композитор Эдуард Колмановский "Алеша" деген ыр жаратып, 1989-жылга чейин Пловдив шаарынын гимни болгон. 1980-жылдардын аягынан тарта эстеликти алып салууга аракеттер көп болуп, бирок шаардыктар менен коомдук уюмдар караманча каршы чыккан.
болгария
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104740136_0:39:1000:789_1920x0_80_0_0_dad03590a3da5e35f700a2e2726da435.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, согуш, болгария, советтик армия, жоокер, бошотуу, эстелик, тарых, видео, видео
улуу ата мекендик согуш, согуш, болгария, советтик армия, жоокер, бошотуу, эстелик, тарых, видео, видео
"Алеша" эстелиги жана анын таржымалы. Тарыхый видео
1957-жылдын 5-ноябрында Болгария шаарларынын биринде фашисттик баскынчылардан бошоткон советтик жоокерге "Алеша" деп аталган эстелик орнотулган.
Советтик жоокерлердин урматына эстелик тургузуу демилгесин Пловдивдин тургундары 1948-жылы көтөрөт. Сынак жарыяланып, Васил Радославов жетектеген жамааттын долбоору жеңет. долбоордо Болгариядан чогулган архитекторлордун чыгармачыл 10 жамааты иштеген.
Шаардын үстү жагында, Бунаржик дөңсөөсүнө автоматын жерге каратып, чыгышты тиктеп турган он бир метрлик айкел — советтик жоокерди тургузушат. Ал шаардын кайсы бурчунан болбосун көзгө даана көрүнөт. Айкелдин алдында жүз тепкич турат. Постамент "Советтик армия душманды талкалоодо" жана "Эл советтик жоокерлерди тосуп алууда" деген барельефтер менен кооздолгон
Жоокердин прототиби 3-Украин фронтунун катардагы аскери Алексей Скурлатов деп айтылып келет. Ал Болгарияны бошотууга катышып, 1944-жылы Софиядан Пловдивге чейин телефон кабелин тарткан экен. Жергиликтүү телефон станциясында иштеген Методи Витанов менен жакшы мамиледе болуп, достошуп кетет. Маалыматтардын биринде скульптор Васил Радославовго жоокердин сүрөтүн ошол киши алып келип берген деп айтылат.
1966-жылы акын Константин Ваншенкин менен композитор Эдуард Колмановский "Алеша" деген ыр жаратып, 1989-жылга чейин Пловдив шаарынын гимни болгон.
1980-жылдардын аягынан тарта эстеликти алып салууга аракеттер көп болуп, бирок шаардыктар менен коомдук уюмдар караманча каршы чыккан.