https://sputnik.kg/20261104/yeaeb-dary-kattoo-erezhe-1104707046.html
ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо эрежелерине өзгөртүү киргизилди
ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо эрежелерине өзгөртүү киргизилди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө дары-дармектерди каттоодо алардын курамындагы активдүү заттын аталышын... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T18:29+0600
2026-11-04T18:29+0600
2026-11-04T18:29+0600
кыргызстан
еаэб
дары-дармек
каттоо
еэк
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1e/1076677845_77:449:2919:2048_1920x0_80_0_0_3f9d392410fc3e233e9d5169e99497a6.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө дары-дармектерди каттоодо алардын курамындагы активдүү заттын аталышын көрсөтүү милдеттүү болот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) билдирди. Маалыматка ылайык, каттоого берилүүчү арыздын формасына өзгөртүү киргизилди. Эми анда дарынын активдүү затынын эл аралык патенттелбеген аталышы же жалпы кабыл алынган, топтоштурулган же химиялык аталышы көрсөтүлүшү керек. Мындан сыртккары, ЕАЭБ өлкөлөрүндө май жана гель түрүндөгү дарылардын адамдын терисине сиңишин текшерүүдө донордук теринин ордуна жасалма мембрана колдонууга уруксат берилди. Өзгөртүүгө ылайык, эми дарылардын биоэквиваленттүүлүгүн текшерүүдө адамдын терисине окшош жасалма мембрананы колдонууга болот.
https://sputnik.kg/20261030/1104615062.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1e/1076677845_133:0:2864:2048_1920x0_80_0_0_9f4c782c78dc1f91449a0861fdce9192.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэб, дары-дармек, каттоо, еэк
кыргызстан, еаэб, дары-дармек, каттоо, еэк
ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо эрежелерине өзгөртүү киргизилди
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө дары-дармектерди каттоодо алардын курамындагы активдүү заттын аталышын көрсөтүү милдеттүү болот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоого берилүүчү арыздын формасына өзгөртүү киргизилди. Эми анда дарынын активдүү затынын эл аралык патенттелбеген аталышы же жалпы кабыл алынган, топтоштурулган же химиялык аталышы көрсөтүлүшү керек.
Мындан сыртккары, ЕАЭБ өлкөлөрүндө май жана гель түрүндөгү дарылардын адамдын терисине сиңишин текшерүүдө донордук теринин ордуна жасалма мембрана колдонууга уруксат берилди. Өзгөртүүгө ылайык, эми дарылардын биоэквиваленттүүлүгүн текшерүүдө адамдын терисине окшош жасалма мембрананы колдонууга болот.