Бишкекте курулушу токтоп калган компанияларга тышкы башкаруу киргизүү каралууда

© Sputnik / Виталий Тимкив
/ Жазылуу
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкекте курулушту кечеңдеткен же токтотуп койгон компанияларга тышкы башкаруу киргизилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Ведомствонун маалыматына караганда, компаниялардын каржылык көйгөйлөрүнөн, үлүшчүлөр алдындагы милдеттенмелерин аткарбаганынан жана мыйзам бузуулардан улам иштер токтоп калып жатат.
Министрликтин чечимине ылайык, төмөнкү компаниялар кабылышы мүмкүн:
Жибек Жолу көчөсү, 295, 297 — 80 батирлүү үй. "Эксперт строй" компаниясы курган. 2018-жылдан бери токтоп турат;
Мичурин көчөсү, 121 Б — 169 батирлүү үй. "Эксперт строй" жана "Гидротехстрой" компаниялары. 2021-жылы токтогон;
Көк-Жар, Куйручук көчөсү, 197/2 — 200 батирлүү үй. "Эмаком" жана "Ханстрой" компаниялары. 2022-жылдан бери токтоп турат;
Көк-Жар, Молдокулов көчөсү — 360 батирлүү турак жай комплекси. "Кыргыз-Арабиан Альхнейзи" жана "ОППС строй" компаниялары. 2013-жылдан бери бүтпөй келет.
Таш-Дөбө, Куттубаев көчөсү, 15/9а, 15/9б, 15/10 — 10 кабат үйлөр. "Эмаком", "Ханстрой" жана "Бренд хаус" компаниялары. 2020-жылдан бери токтоп турат.
