https://sputnik.kg/20261016/nyurnberg-tribunalynyn-videosu-1104332116.html
Адамды ичиркенткен мыкаачылардын жазаланышы. Нюрнберг трибуналынын видеосу
Адамды ичиркенткен мыкаачылардын жазаланышы. Нюрнберг трибуналынын видеосу
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фашисттер адамзатка карата болуп көрбөгөндөй мыкаачылык көрсөткөн. Курал менен, күч сынап кармашпай, бейкүнөө, алсыз адамдарды... 16.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-16T19:46+0600
2026-10-16T19:46+0600
2026-10-16T19:46+0600
улуу ата мекендик согуш
нюрнберг
фашисттер
кыргын
мыкаачылык
сот
жаза
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/10/1104332478_0:187:2976:1861_1920x0_80_0_0_cf9b100b75f0509dcfffe825c17bc429.jpg
Чыккан өкүм 1946-жылы 16-октябрга караган түнү аткарылган. Кеп башынан болсун. Гитлерчилердин ашкан мыкаачылык менен жасаган кылмыштарын советтик тергөөчүлөр дүйнөгө ачыкташкан. Ага чейин Батыш өлкөлөрү нацисттердин жырткычтыгын анчейин аңдашкан эмес. Далилдер так жана жетиштүү болгонуна карабай айыпталуучулар жазадан кыйгап өтүүгө аракет кылышкан. Ошентип 12 кишини өмүрүнөн ажыратуу чечими кабыл алынган. Алар: Геринг, Риббентроп, Кейтель, Розенберг, Франк, Фрик, Кальтенбруннер, Штрейхер, Йодль, Заукель, Зейсс-Инкварт жана Борман (сыртынан) аттуу кишилер болгон. Биринчилерден болуп Риббентроптун өкүмү аткарылган. Анын акыркы сөздөрү төмөнкүдөй болгон: "Кудай, Германияны сактай көр. Германия бирдиктүү болсун деген менин акыркы тилегим бар эле. Батыш менен Чыгыш түшүнүшүүгө келсин дегенмин". Америка армиясынын штаттык баш кесери Жон Вудс өлүм жазасын аткарууну начар уюштурган. Люк тар болгондуктан жаза ала тургандар анын чекесине улам урунуп калып жаткан. Жиптин узундугу менен люктун тереңдиги эсептелбей калып, нацисттер моюн омурткаларынын сынганынан эмес, муунгандан жан берген. Өлтүрүлгөн нацисттердин сөөгүн Мюнхендеги крематорийге алып келишкен. Ал жерде иштегендер кимди өрттөй тургандыгын билишкен эмес. Аталган жай курчоого алынган. Ишке киришердин алдында өлүктү алмаштырып койбогондугун тактоо үчүн ар бир табытты текшерип чыгышкан. Эки күндөн кийин өлүктөрдүн күлүн Мюнхендеги Изар дарыясындагы көпүрөдөн сууга жашыруун чачып жиберишкен.
нюрнберг
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/10/1104332478_123:0:2854:2048_1920x0_80_0_0_c002dbb58e1be620849f50bdaaa6b78d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, нюрнберг, фашисттер, кыргын, мыкаачылык, сот, жаза
улуу ата мекендик согуш, нюрнберг, фашисттер, кыргын, мыкаачылык, сот, жаза
Адамды ичиркенткен мыкаачылардын жазаланышы. Нюрнберг трибуналынын видеосу
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фашисттер адамзатка карата болуп көрбөгөндөй мыкаачылык көрсөткөн. Курал менен, күч сынап кармашпай, бейкүнөө, алсыз адамдарды кырган. Аларга дүйнө коомчулугунун өкүмү тарыхта Нюрнберг трибуналы деген аталыш менен калды.
Чыккан өкүм 1946-жылы 16-октябрга караган түнү аткарылган.
Кеп башынан болсун. Гитлерчилердин ашкан мыкаачылык менен жасаган кылмыштарын советтик тергөөчүлөр дүйнөгө ачыкташкан. Ага чейин Батыш өлкөлөрү нацисттердин жырткычтыгын анчейин аңдашкан эмес. Далилдер так жана жетиштүү болгонуна карабай айыпталуучулар жазадан кыйгап өтүүгө аракет кылышкан.
Ошентип 12 кишини өмүрүнөн ажыратуу чечими кабыл алынган. Алар: Геринг, Риббентроп, Кейтель, Розенберг, Франк, Фрик, Кальтенбруннер, Штрейхер, Йодль, Заукель, Зейсс-Инкварт жана Борман (сыртынан) аттуу кишилер болгон.
Биринчилерден болуп Риббентроптун өкүмү аткарылган. Анын акыркы сөздөрү төмөнкүдөй болгон: "Кудай, Германияны сактай көр. Германия бирдиктүү болсун деген менин акыркы тилегим бар эле. Батыш менен Чыгыш түшүнүшүүгө келсин дегенмин".
Америка армиясынын штаттык баш кесери Жон Вудс өлүм жазасын аткарууну начар уюштурган. Люк тар болгондуктан жаза ала тургандар анын чекесине улам урунуп калып жаткан. Жиптин узундугу менен люктун тереңдиги эсептелбей калып, нацисттер моюн омурткаларынын сынганынан эмес, муунгандан жан берген.
Өлтүрүлгөн нацисттердин сөөгүн Мюнхендеги крематорийге алып келишкен. Ал жерде иштегендер кимди өрттөй тургандыгын билишкен эмес. Аталган жай курчоого алынган. Ишке киришердин алдында өлүктү алмаштырып койбогондугун тактоо үчүн ар бир табытты текшерип чыгышкан.
Эки күндөн кийин өлүктөрдүн күлүн Мюнхендеги Изар дарыясындагы көпүрөдөн сууга жашыруун чачып жиберишкен.