00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Розовый октябрь – что нужно знать о раке груди
16:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:09
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
"Социалдык келишим" программасынын жаңы этабында расмий жумушсуз адамды ишке алгандарга 150 миң сомдон бериле баштайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан демилгеде беш адамга чейин чектөө бар. Мисалы, беш жумушсуз адамды иш менен камсыздаса мамлекет 750 миң сом берет. Мындан ашканына колдоо каралган эмес", — деп айтылат маалыматта. Ишкер алган каражатын бизнести өнүктүрүүгө, жабдууларды же техникаларды сатып алууга гана жумшашы керек. Башка максатта колдонууга болбойт. Иш берүүчүнүн туруктуу кирешеси болушу шарт жана жогору айлык сунушташы керек. Жаңы кызматкер расмий жумушка орношуп, анын айлыгы аймактагы орточо эмгек акыдан төмөн болбошу зарыл. 12 айга эсептелген пилоттук долбоор Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында, ошондой эле Кадамжай районунда ишке ашырылат. Программага катышууну каалагандар жергиликтүү бийликке же Эмгек министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрыла алат.
Өлкөгө сырттан картошка ташып келүүгө жарым жылга тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Чектөө буга чейин жөнөтүлгөн, ошондой эле Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүп жаткан картошкага колдонулбайт. Сентябрдын аягында өкмөт жергиликтүү дыйкандарга картошкасын сатууга шарт түзүү максатында убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштаган. Анда түшүм жыйналган маалда импорттун көлөмү жогору бойдон калса ички рынокто сунуш көбөйүп, баасы төмөндөп, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн түшүмүн сатууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүндүгү айтылган.
Кыргызстан 2027-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылат. ЕЭК кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Жогорку кеңешинин жыйындарын Кыргызстандын жетекчилигинин өкүлдөрү өткөрөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Салтанат Касымбек кызы Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди. Президент Садыр Жапаров биримдиктин органдарынын бир жылдык ишинин негизги багыттарын 2026-жылдын аягындагы кайрылуусунда белгилейт. Кыргызстанда Евразия экономикалык форуму өтөт. Аны өткөрүү үчүн алдын ала "Рух ордо" конгресс-холлу тандалып, үч миңден ашуун катышуучу күтүлүп жатканы айтылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп украин чатагын жөнгө салуу тууралуу айтып жатып, Владимир Зеленскийди үзүлүп түшүп колдогон күйөрманы эместигин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Зеленскийдин берилген күйөрманы деле эмесмин. Ал Украинаны талкалады", — деген Ак үйдүн кожоюну интервьюсунда. Андан сырткары, РФ лидери Владимир Путинге караганда Зеленский менен кепке келүү кыйыныраак экендигин мойнуна алган. Ал АКШнын өтүнүчүнө карабай Россиянын мунайды кайра иштеткен заводдоруна чабуул жасап жатканын чектен чыккандык катары баалаган. Ал эми Украина тууралуу жакында бул өлкөдө шайлоо жүргүзүү зарылдыгы курч турганын жана согуш жакын арада токтошу керектигин белгилеген. Барнум заманбап шоу-бизнес менен агрессивдүү PRдын негиздөөчүлөрүнүн бири катары эсептелип, "элге оюн-зоок керек" деген багыты менен белгилүү болгон жайы бар. Трамп АКШнын мурдагы президенти Жозеф Байдендин администрациясы Зеленскийге курал-жаракты абдан көп берип, бирок акчасын талап кылбагандыгына дагы бир ирет токтолгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0