https://sputnik.kg/20261013/tsirkk-direktor-dayyndaldy--1104262480.html
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору Нурлан Конокбаевди кабыл алып, мекеменин ишин жакшыртуу, ички... 13.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-13T15:11+0600
2026-10-13T15:11+0600
2026-10-13T15:26+0600
кыргызстан
садыр жапаров
цирк
кызмат
дайындоо
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0d/1104264086_0:301:1440:1111_1920x0_80_0_0_17e19096131b97edc7edff148b76e8d4.jpg
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору Нурлан Конокбаевди кабыл алып, мекеменин ишин жакшыртуу, ички пикир келишпестиктерди жоюу жана эмгек тартибин чыңдоо боюнча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчы жаңы жетекчиге кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирип, цирктин натыйжалуу иштешин камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартууга жана көрсөтүүлөрдүн түрүн кеңейтүүгө көңүл буруу керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, узакка созулган ички пикир келишпестиктер цирктин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылган. Ал мекеме чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болууга тийиш экенин айткан. Жолугушууда цирктин учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Нурлан Конокбаев — Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссер-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү. Ал Казакстандын жараны жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ.
https://sputnik.kg/20250718/kyrgyzstan-tsirk-zhanybar-zharyya-1095390166.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0d/1104264086_0:295:1440:1375_1920x0_80_0_0_56b8bc700a6c415e07f263cfb2200ab4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, цирк, кызмат, дайындоо
кыргызстан, садыр жапаров, цирк, кызмат, дайындоо
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды
15:11 13.10.2026 (Жаңыртылды: 15:26 13.10.2026) БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору Нурлан Конокбаевди кабыл алып, мекеменин ишин жакшыртуу, ички пикир келишпестиктерди жоюу жана эмгек тартибин чыңдоо боюнча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы жаңы жетекчиге кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирип, цирктин натыйжалуу иштешин камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартууга жана көрсөтүүлөрдүн түрүн кеңейтүүгө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Президенттин айтымында, узакка созулган ички пикир келишпестиктер цирктин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылган. Ал мекеме чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болууга тийиш экенин айткан.
Жолугушууда цирктин учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Нурлан Конокбаев — Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссер-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү. Ал Казакстандын жараны жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ.