00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстанга жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малдарды алып келүү, аларды багуу үчүн заманбап шарттарды түзүү, ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу жана сапаттуу тоют базасын өнүктүрүү маселелери каралды. Ошондой эле мал чарба комплекстерин түзүү, селекциялык-генетикалык иштерди күчөтүү жана бул багытта адистерди даярдоо боюнча пикир алышуу болду. Тараптар долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары биргелешип карап, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга жана кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.
Бакуда түрк мамлекеттеринин инвестициялык агенттиктеринин практикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө арналган TurkIPAnet тармагынын экинчи сессиясы өттү. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, иш-чара Экинчи Азербайжан инвестициялык форумунун алкагында өтүп, ага агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов жана Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын инвестициялык агенттиктеринин өкүлдөрү катышты. Сессияда инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат алмашуу, инвесторлорду тартуу, чек ара аралык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланды. Дамирбек Бикулов беш өлкөнүн долбоорлорун биргелешип илгерилетүүгө жана инвесторлор менен ишти координациялоого мүмкүндүк берүүчү жалпы инвестициялык «воронканы» түзүүнү сунуштады. Жыйынтыгында катышуучулар TurkIPAnet алкагында практикалык кызматташууну күчөтүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.
"Газпром Кыргызстан" 30-сентябрда карызы бар абоненттердин баарын өчүрөт Компания эгерде абонент карызын газ өчүрүлгөндөн кийин төлөсө, аны кайра күйгүзүү үчүн 2-3 күн күтүүгө туура келерин эскертти.
Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин жетекчиси Эбрахим Азизи Жакынкы Чыгыш мамлекеттерин АКШнын Тегеранга каршы аракетине кошулбоого жана анын коргоосуна таянбоого чакырды. Бул тууралуу Al Mayadeen телеканалы кабарлады. Мындан тышкары, Азизи Иран АКШнын жаңы чабуулунун баарына, өзгөчө өзөктүк объектилерге жасалган соккуларына жооп кайтарарын белгиледи. Эскерте кетсек, Тегеран менен Вашингтон июнда кышында башталган согушту токтотуу боюнча меморандумга кол койгон. Бирок америкалык аскерлер июлда Иранга бир нече ирет сокку урган. АКШ бул кадамын Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу жүргөн коммерциялык кемелерге каршы чабуулуна жооп деп түшүндүргөн болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0