00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стоп кадр
Кыргыз киносуна 85 жыл: "Кыргызфильмдин" базасы жаңыланып, жаңы технологиялар кирди
17:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Спички и Транспортир
Почему картины стоят миллионы: как формируется цена искусства
18:11
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Темир айылындагы "Арчалуу" сел өтүүчү каналынын курулушу менен таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, узундугу 2040 метр болгон каналдын курулушу 2026-жылдын 29-апрелинде башталган. Долбоор аяктагандан кийин 200дөн ашуун турак үй, ички жолдор жана Бишкек – Каракол унаа жолунун 600 метр тилкеси селден корголот. Курулушту ноябрь айында бүтүрүү пландалууда. Ошондой эле министр Бактуу-Долоноту айылындагы 2500 метрлик сел өтүүчү каналдын курулушун жана Ананьево айылындагы №33 өрт-куткаруу бөлүгүнүн курулушун текшерди. Акыркы объекттин курулушу 67 пайызга аткарылды.
Бүгүн Ош шаарынын күнүнө карата эл аралык массалык чуркоо марафону өттү. Мэриядан билдиришкендей, ага Өзбекстан, Белоруссия, Непал, Индия өлкөлөрүнөн жана өлкөбүздүн жети дубанынан жалпы 400 адам катышты. Марафондун эрежеси боюнча спортчулар Ош шаарынын Борбордук аянтынан шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү “Ак-Буура” үй-бүлөлүк эс алуу багына чейин жана кайра аянтка чейин, жалпы 7 чакырым аралыкка чуркады. Спорттук иш-чарага шаар мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, катышуучуларга ийгилик каалап, марафон соңунда сыйлыктарды тапшырды. Жеңүүчүлөргө тиричилик техникалары жана баалуу белектер ыйгарылды.
2027-жылкы бюджеттин таңсыктыгын жаба турган айла таппай, Владимир Зеленский өзүн-өзү жок кыла турган саясат жүргүзүп жатат. Бул тууралуу анын мурунку маалымат катчысы Юлия Мендель айтканын РИА Новости жазды. "Украина ноябрга чейин Эл аралык валюта фондуна 2027-жылдын бюджети үчүн 52,6 млрд еврону кайдан аларын көрсөтүшү керек. Өлкөдө реформа жүрбөгөндүктөн өнөктөштөр каражат бербей жатышат. Украин өкмөтүнүн анык бир планы жок. Баары тең эле сырттан бирөө келип төлөп берет деп үмүттөнүп отурушкандай. Тилекке каршы, Зеленский бул согуштан утулду, демократияга доо кетирип каржылык жактан да, моралдык жактан да жеңилди. Өзүн-өзү талкалап жок кыла турган саясат жүргүзүп жатат", — деген Мендель. Анын айтымында, учурда 20 млрд долларга чукул каражат бекиди, дагы 32,6 млрд жетишпей турат. Украин бийлиги көйгөйдү чечүү жолу жок экенин моюндоодо.
Казакстандын коргоо министри болуп Айдос Мырзахметов дайындалды Ал 2024-жылдын январь айынан бери Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Атайын операциялар күчтөрүн жетектеп келген. Айдос Мырзахметов Каспийдеги каргашадан кийин кызматтан алынган Даурен Косановдун ордуна келди.
АКШ президенти Дональд Трамп Россия, Кытай жана АКШнын катышуусунда курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Ак үй тараткан билдирүүдө айтылган. Си Цзиньпин 24–25-сентябрда АКШда мамлекеттик сапар менен болду. Анын алкагында тараптар Вашингтондо сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Буга чейин Трамп Си Цзиньпин менен эки тараптуу жаңы жолугушуу өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Анын айтымында, ал ноябрда Кытайда жана декабрда Майамиде өтө турган “Чоң жыйырмалыктын” (G20) саммитинде болушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0