https://sputnik.kg/20260927/1103931191.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматы кыргызстандыктарды алдамчылык схемаларынан сак болууга чакырган билдирүү таратты. Соцтармактарда бажы кампаларынан тиричилик жана электрондук... 27.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-27T13:00+0600
2026-09-27T13:00+0600
2026-09-27T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1b/1103931025_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bebcbcc3de072da4c4fda5f060ad1bf3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматы кыргызстандыктарды алдамчылык схемаларынан сак болууга чакырган билдирүү таратты. Соцтармактарда бажы кампаларынан тиричилик жана электрондук техника сатылып жатканы тууралуу жасалма интеллект менен жасалган жалган видеолор тарап жатканы айтылат. Ведомство буга байланыштуу бажы органдары товар сатпай турганын эскертти. Алдамчылар бажы кызматкерлеринин атынан фейк аккаунттарды ачып, жарандардан акча жана жеке маалыматтарын алууга аракет кылууда. Андыктан шектүү аккаунттардан оолак болуу керектиги айтылды.
Кыргызстанда фермерлерди насыя алуунун толук онлайн форматына өткөрүү боюнча иштер башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн iDyikan платформасында фермердин бирдиктүү санариптик профили түзүлүп, керектүү маалыматтарды мамлекеттик системалардан автоматтык алуу каралууда. Учурда платформа аркылуу фермерлер жеңилдетилген насыяга электрондук арыз берип, онлайн-кезекке туруп жана арызынын статусун көзөмөлдөй алышат. 15-апрелден бери "АБанкка" 762, "Элдик Банкка" 255 электрондук арыз жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, iDyikan аркылуу коммерциялык агрокредит, инвестициялык каржылоо жана айыл чарба техникасын лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү пландалууда. Максат — фермерлер үчүн каржылоонун негизги түрлөрүн бир санариптик платформага топтоо.
«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 31-октябрынан тартып Бишкек – Фукуок – Бишкек эл аралык маршруту боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштайт. Каттамдар жумасына 3 жолу аткарылып, Кыргызстан менен Вьетнамдын популярдуу туристтик аралы болгон Фукуоктун ортосунда түз аба байланышын камсыздайт. Мындан тышкары, жүргүнчүлөр үчүн маанилүү маалымат: Фукуоктон Бишкекке кайтып келе жатканда, белгиленген жүк ташуу талаптарына жана колдонуудагы эрежелерге ылайык, салмагы 5 кг чейин мөмө-жемиш салынган бир себетти акысыз алып өтүүгө уруксат берилет. Буга чейин Бишкек – Фукуок – Бишкек маршруту авиакомпаниянын каттамдар тармагында негизинен чартердик ташуулар катары гана аткарылып келген. 2026-жылдын октябрынан тартып «Аэро Номад Эйрлайнс» бул багытты туруктуу негизде тейлей баштайт.
UFC уюмунун кыргызстандык мушкер катышып жаткан беттешинде чуу чыкты. Илимбек Акылбек уулу The Ultimate Fighter (TUF) шоусунун финалына чыккан. Шарт боюнча, катышуучу мушкерлер чогуу жашап, беттеште жеңилгени долбоордон четтей берет. Жеңүүчү UFC менен келишим түзөт. Финалдык бөлүктө Илимбекке азербайжандык Мухаммед-Али Османлы атаандаш болгон. Биринчи раунддун аягында Османлы тыюу салынган ыкманы колдонуп, Илимбекке тизеси менен сокку урган. Кыргызстандык мушкер жыгылгандан кийин калыс беттешти дароо токтотуп, дарыгер Илимбекке беттешти улантууга тыюу салган. Көрүүчүлөр кыргызстандык мушкерге катуу нааразы болсо, соцтармакта ачуу сын айтылып жатат. Калыс тыюу салынган ыкманын колдонулушунан улам беттешти токтотконуна карабастан, көпчүлүк Илимбектин жаракатын симуляция деп сыпаттоодо. Эгер беттеш кайсы бир себептерден улам жараксыз деп табылып калбаса, Кыргызстанда дагы бир UFC мушкери пайда болот.
Бажы кызматы кыргызстандыктарды алдамчылык схемаларынан сак болууга чакырган билдирүү таратты. Соцтармактарда бажы кампаларынан тиричилик жана электрондук техника сатылып жатканы тууралуу жасалма интеллект менен жасалган жалган видеолор тарап жатканы айтылат. Ведомство буга байланыштуу бажы органдары товар сатпай турганын эскертти. Алдамчылар бажы кызматкерлеринин атынан фейк аккаунттарды ачып, жарандардан акча жана жеке маалыматтарын алууга аракет кылууда. Андыктан шектүү аккаунттардан оолак болуу керектиги айтылды.Кыргызстанда фермерлерди насыя алуунун толук онлайн форматына өткөрүү боюнча иштер башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн iDyikan платформасында фермердин бирдиктүү санариптик профили түзүлүп, керектүү маалыматтарды мамлекеттик системалардан автоматтык алуу каралууда. Учурда платформа аркылуу фермерлер жеңилдетилген насыяга электрондук арыз берип, онлайн-кезекке туруп жана арызынын статусун көзөмөлдөй алышат. 15-апрелден бери "АБанкка" 762, "Элдик Банкка" 255 электрондук арыз жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, iDyikan аркылуу коммерциялык агрокредит, инвестициялык каржылоо жана айыл чарба техникасын лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү пландалууда. Максат — фермерлер үчүн каржылоонун негизги түрлөрүн бир санариптик платформага топтоо.«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 31-октябрынан тартып Бишкек – Фукуок – Бишкек эл аралык маршруту боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштайт. Каттамдар жумасына 3 жолу аткарылып, Кыргызстан менен Вьетнамдын популярдуу туристтик аралы болгон Фукуоктун ортосунда түз аба байланышын камсыздайт. Мындан тышкары, жүргүнчүлөр үчүн маанилүү маалымат: Фукуоктон Бишкекке кайтып келе жатканда, белгиленген жүк ташуу талаптарына жана колдонуудагы эрежелерге ылайык, салмагы 5 кг чейин мөмө-жемиш салынган бир себетти акысыз алып өтүүгө уруксат берилет. Буга чейин Бишкек – Фукуок – Бишкек маршруту авиакомпаниянын каттамдар тармагында негизинен чартердик ташуулар катары гана аткарылып келген. 2026-жылдын октябрынан тартып «Аэро Номад Эйрлайнс» бул багытты туруктуу негизде тейлей баштайт.UFC уюмунун кыргызстандык мушкер катышып жаткан беттешинде чуу чыкты. Илимбек Акылбек уулу The Ultimate Fighter (TUF) шоусунун финалына чыккан. Шарт боюнча, катышуучу мушкерлер чогуу жашап, беттеште жеңилгени долбоордон четтей берет. Жеңүүчү UFC менен келишим түзөт. Финалдык бөлүктө Илимбекке азербайжандык Мухаммед-Али Османлы атаандаш болгон. Биринчи раунддун аягында Османлы тыюу салынган ыкманы колдонуп, Илимбекке тизеси менен сокку урган. Кыргызстандык мушкер жыгылгандан кийин калыс беттешти дароо токтотуп, дарыгер Илимбекке беттешти улантууга тыюу салган. Көрүүчүлөр кыргызстандык мушкерге катуу нааразы болсо, соцтармакта ачуу сын айтылып жатат. Калыс тыюу салынган ыкманын колдонулушунан улам беттешти токтотконуна карабастан, көпчүлүк Илимбектин жаракатын симуляция деп сыпаттоодо. Эгер беттеш кайсы бир себептерден улам жараксыз деп табылып калбаса, Кыргызстанда дагы бир UFC мушкери пайда болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1b/1103931025_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_05405780989164a2ecc89f79f0769731.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио