https://sputnik.kg/20260927/1103929125.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерди окуу китептери жана окуу-методикалык колдономолор менен камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгонун “Ынтымак ордодон”... 27.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-27T11:00+0600
2026-09-27T11:00+0600
2026-09-27T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1b/1103928959_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9a7c8528b684d3d594126e22aa4327a5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерди окуу китептери жана окуу-методикалык колдономолор менен камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгонун “Ынтымак ордодон” билдиришти. Документке ылайык мамлекеттик бюджеттен 8,5 миллиард сом бөлүнмөй болду. Каражат мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп берген окуу адабияттарын даярдоого жана басып чыгарууга жумшалат. Өкмөткө 2027–2030-жылдарга окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу тапшырылды. Анда мекемелер аралык комиссия түзүү, окуу адабияттарына экспертиза жүргүзүү, авторлорду тандоо жана окуу китептерин конкурстук негизде иргеп алуу каралган. Мындан тышкары, ар бир окуу китебин жана окуу-методикалык колдонмону уникалдуу QR-код менен белгилөө пландалууда. Бул китептердин кайсы аймакка, мектепке, класска жана окуучуларга жеткирилгенине чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстандын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө башка мамлекеттердин аскер контингенттери машыгууга катышуу үчүн Россияга барды. Машыгуу Челябинск облусундагы “Чебаркульский” полигонунда өтөт. Ага ошондой эле Россия, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышарын ЖККУнун Бириккен штабынан билдиришти. Аскерлер чек арадагы куралдуу жаңжалды жайылтпоо жана токтотуу боюнча биргелешкен аракеттерди иштеп чыгышат. ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков машыгуулар пландуу мүнөзгө ээ экенин жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганын баса белгиледи.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн коргоо министри Даурен Косановду кызматтан алды. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматына таянуу менен Sputnik Казакстан жазды. Ага чейин Токаевдин тапшырмасы менен Казакстандын Коргоо министрлигиндеги абалды комплекстүү текшерүү боюнча комиссия түзүлгөнү кабарланган. 24-сентябрда Маңгыстау облусунда Каспий деңизиндеги машыгуу учурунда 17 аскер кызматкери ачык деңизге агып кеткен. Алардын 14ү каза болуп, үчөө куткарылган.
Европа Украина боюнча тынчтык жараянына доо кетирүү үчүн колунан келгендин баарын жасоодо. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. “Өз аракеттеринен майнап чыкпасын түшүнгөндүктөн, Европадагы көптөгөн тараптар, анын ичинде Трамптын администрациясы да кызыкдар болгон тынчтык жараянына тоскоолдук кылып, сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга бардык амалын көрүп жатышат”, — деди Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында. Ал ошондой эле батыш өлкөлөрү Киевге курал-жарак жеткирүүнү улантып, дрондор менен ракеталарды Россиядагы объектилерге багыттоого жардам берип жатканын белгиледи. Россиянын ТИМ башчысынын айтымында, Москва атайын аскердик операцияны аягына чыгарууга жана өлкө коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды жоюуга ниеттенүүдө. Буга чейин Лавров Россия Украина боюнча тынчтык жолу менен жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин, бирок сүйлөшүүлөр мезгилинде атайын операцияны токтотпой турганын билдирген.
Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерди окуу китептери жана окуу-методикалык колдономолор менен камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгонун “Ынтымак ордодон” билдиришти. Документке ылайык мамлекеттик бюджеттен 8,5 миллиард сом бөлүнмөй болду. Каражат мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп берген окуу адабияттарын даярдоого жана басып чыгарууга жумшалат. Өкмөткө 2027–2030-жылдарга окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу тапшырылды. Анда мекемелер аралык комиссия түзүү, окуу адабияттарына экспертиза жүргүзүү, авторлорду тандоо жана окуу китептерин конкурстук негизде иргеп алуу каралган. Мындан тышкары, ар бир окуу китебин жана окуу-методикалык колдонмону уникалдуу QR-код менен белгилөө пландалууда. Бул китептердин кайсы аймакка, мектепке, класска жана окуучуларга жеткирилгенине чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.Кыргызстандын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө башка мамлекеттердин аскер контингенттери машыгууга катышуу үчүн Россияга барды. Машыгуу Челябинск облусундагы “Чебаркульский” полигонунда өтөт. Ага ошондой эле Россия, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышарын ЖККУнун Бириккен штабынан билдиришти. Аскерлер чек арадагы куралдуу жаңжалды жайылтпоо жана токтотуу боюнча биргелешкен аракеттерди иштеп чыгышат. ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков машыгуулар пландуу мүнөзгө ээ экенин жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганын баса белгиледи. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн коргоо министри Даурен Косановду кызматтан алды. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматына таянуу менен Sputnik Казакстан жазды. Ага чейин Токаевдин тапшырмасы менен Казакстандын Коргоо министрлигиндеги абалды комплекстүү текшерүү боюнча комиссия түзүлгөнү кабарланган. 24-сентябрда Маңгыстау облусунда Каспий деңизиндеги машыгуу учурунда 17 аскер кызматкери ачык деңизге агып кеткен. Алардын 14ү каза болуп, үчөө куткарылган. Европа Украина боюнча тынчтык жараянына доо кетирүү үчүн колунан келгендин баарын жасоодо. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. “Өз аракеттеринен майнап чыкпасын түшүнгөндүктөн, Европадагы көптөгөн тараптар, анын ичинде Трамптын администрациясы да кызыкдар болгон тынчтык жараянына тоскоолдук кылып, сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга бардык амалын көрүп жатышат”, — деди Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында. Ал ошондой эле батыш өлкөлөрү Киевге курал-жарак жеткирүүнү улантып, дрондор менен ракеталарды Россиядагы объектилерге багыттоого жардам берип жатканын белгиледи. Россиянын ТИМ башчысынын айтымында, Москва атайын аскердик операцияны аягына чыгарууга жана өлкө коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды жоюуга ниеттенүүдө. Буга чейин Лавров Россия Украина боюнча тынчтык жолу менен жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин, бирок сүйлөшүүлөр мезгилинде атайын операцияны токтотпой турганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1b/1103928959_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_867851b406406576b4b849524e3b99a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио