https://sputnik.kg/20260927/1103927190.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты акыркы 50 жылда болжол менен 20–25 пайызга кыскарган. Талас бассейнинде бул көрсөткүч 40–45 пайызга жетет. Бул тууралуу... 27.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-27T08:59+0600
2026-09-27T08:59+0600
2026-09-27T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1b/1103927024_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3177dbb2b29de5f910bdbf74e7281ea6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты акыркы 50 жылда болжол менен 20–25 пайызга кыскарган. Талас бассейнинде бул көрсөткүч 40–45 пайызга жетет. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун илимий кызматкери, гляциолог Гүлбара Оморова билдирди. Анын айтымында, мөңгүлөрдүн кыскарышынын негизги себеби — климаттын жылышы. "Маселе мөңгүнүн жай мезгилинде эришинде эмес. Мөңгүнүн жай айларында эриши — негизи табигый процесс. Негизги көйгөй — кыш-жазда топтолгон масса менен жайында жоголгон массанын ортосундагы тең салмактын бузулушунда. Мөңгү жыл сайын жоготкон массасын кайра толук топтой албай калганда анын көлөмү азайып, аянты кичирейип, мөңгүнүн тили артка чегине баштайт. Бул процесс келечекте дарыялардын агымына жана суу ресурстарына таасир этиши мүмкүн", — деди эксперт. Оморованын айтымында, ал изилдеп жаткан Адыгине мөңгү системасында да өзгөрүүлөр ачык байкалат. Спутниктен алынган маалыматтарга ылайык, Адыгине мөңгүлөрүнүн аянты 1962-жылдан 2025-жылга чейин болжол менен 20 пайызга азайган. Эгерде сандар менен айтсак, 3,5 чарчы чакырымдан 2,8 чарчы чакырымга чейин түшкөн. Эксперт климаттын өзгөрүшүнөн тышкары, айрым аймактарда кен казуу, жол куруу жана чаң сыяктуу антропогендик факторлор да мөңгүлөрдүн эришин күчөтүшү мүмкүндүгүн кошумчалады. Гляциолог мөңгүлөрдүн абалына үзгүлтүксүз илимий мониторинг жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
Кыргызстанда фермерлерди насыя алуунун толук онлайн форматына өткөрүү боюнча иштер башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн iDyikan платформасында фермердин бирдиктүү санариптик профили түзүлүп, керектүү маалыматтарды мамлекеттик системалардан автоматтык алуу каралууда. Учурда платформа аркылуу фермерлер жеңилдетилген насыяга электрондук арыз берип, онлайн-кезекке туруп жана арызынын статусун көзөмөлдөй алышат. 15-апрелден бери "АБанкка" 762, "Элдик Банкка" 255 электрондук арыз жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, iDyikan аркылуу коммерциялык агрокредит, инвестициялык каржылоо жана айыл чарба техникасын лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү пландалууда. Максат — фермерлер үчүн каржылоонун негизги түрлөрүн бир санариптик платформага топтоо.
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты акыркы 50 жылда болжол менен 20–25 пайызга кыскарган. Талас бассейнинде бул көрсөткүч 40–45 пайызга жетет. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун илимий кызматкери, гляциолог Гүлбара Оморова билдирди. Анын айтымында, мөңгүлөрдүн кыскарышынын негизги себеби — климаттын жылышы. "Маселе мөңгүнүн жай мезгилинде эришинде эмес. Мөңгүнүн жай айларында эриши — негизи табигый процесс. Негизги көйгөй — кыш-жазда топтолгон масса менен жайында жоголгон массанын ортосундагы тең салмактын бузулушунда. Мөңгү жыл сайын жоготкон массасын кайра толук топтой албай калганда анын көлөмү азайып, аянты кичирейип, мөңгүнүн тили артка чегине баштайт. Бул процесс келечекте дарыялардын агымына жана суу ресурстарына таасир этиши мүмкүн", — деди эксперт. Оморованын айтымында, ал изилдеп жаткан Адыгине мөңгү системасында да өзгөрүүлөр ачык байкалат. Спутниктен алынган маалыматтарга ылайык, Адыгине мөңгүлөрүнүн аянты 1962-жылдан 2025-жылга чейин болжол менен 20 пайызга азайган. Эгерде сандар менен айтсак, 3,5 чарчы чакырымдан 2,8 чарчы чакырымга чейин түшкөн. Эксперт климаттын өзгөрүшүнөн тышкары, айрым аймактарда кен казуу, жол куруу жана чаң сыяктуу антропогендик факторлор да мөңгүлөрдүн эришин күчөтүшү мүмкүндүгүн кошумчалады. Гляциолог мөңгүлөрдүн абалына үзгүлтүксүз илимий мониторинг жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.Кыргызстанда фермерлерди насыя алуунун толук онлайн форматына өткөрүү боюнча иштер башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн iDyikan платформасында фермердин бирдиктүү санариптик профили түзүлүп, керектүү маалыматтарды мамлекеттик системалардан автоматтык алуу каралууда. Учурда платформа аркылуу фермерлер жеңилдетилген насыяга электрондук арыз берип, онлайн-кезекке туруп жана арызынын статусун көзөмөлдөй алышат. 15-апрелден бери "АБанкка" 762, "Элдик Банкка" 255 электрондук арыз жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, iDyikan аркылуу коммерциялык агрокредит, инвестициялык каржылоо жана айыл чарба техникасын лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү пландалууда. Максат — фермерлер үчүн каржылоонун негизги түрлөрүн бир санариптик платформага топтоо.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1b/1103927024_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_372ffe5a439baa8e801825579d38effb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио