00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Bloomberg: Трамп Зеленскийди Москвага барууга чакырды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүДональд Трамп менен Владимир Зеленский
Дональд Трамп менен Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барууга чакырды. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
"Ушул аптада Дональд Трамп Владимир Зеленский буга чейин бир нече жолу баш тартканына карабай, Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Москвага барууну дагы бир ирет сунуштады", — деп айтылат маалыматта.
РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Зеленскийди Москвада кабыл алууга даяр экенин билдирди. Ал келген учурда толук коопсуздук кепилдиги берилерин, ошондой эле Украина жетекчилиги кандай чечимдерди кабыл алуу керектигин жакшы билерин кошумчалады.
Трамп менен Зеленский шейшемби күнү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушкан. Жолугушуунун жабык бөлүгүнүн алдында журналисттер менен кыскача баарлашууда америкалык лидер демилгени толук өз колуна алып, Зеленскийге журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Украина президенти Америка тарапка ыраазычылыгын айтып, жаңжалды кышка чейин аяктоого умтулуп жатканын гана билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жабык бөлүгү 40 мүнөттөй созулган.
Шаршемби күнү Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан сөз сүйлөдү. Иш-чарадан кийин имараттан чыгып баратканда журналисттердин бири Румыниядагы дрондор тууралуу сураса, экинчиси Москвага качан барарын сураган. Бул суроого ал "ракета менен" барарын айтып, орой жооп кайтарган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2026
ЖМК: АКШ Зеленскийден жүзүн буруп кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0