https://sputnik.kg/20260926/1103919327.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылып, иш-чарага Садыр Жапаров катышканын... 26.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-26T15:00+0600
2026-09-26T15:00+0600
2026-09-26T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1a/1103919161_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_12efe5bfc48e55b29cbef42cbd4435db.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылып, иш-чарага Садыр Жапаров катышканын “Ынтымак ордодон” билдиришти.Маалыматка караганда, былтыр искусство университетине жаңы имарат курууга президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнгөн. Бир жылдан ашык мезгилде беш кабаттуу, бардык шарты бар корпус курулган.Аземде сүйлөгөн өлкө башчы бул окуя улуттук маданиятты өркүндөтүүгө, өнөрлүү жаштардын келечегине кам көрүү экенин белгилеген.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Ведомствонун маалыматына караганда, жыйында министр Кыргызстандын ЭКУ алкагындагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык багыттардагы артыкчылыктарын белгиледи. Ошондой эле аймактык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө ЭКУнун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Жолугушууда аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле ЭКУну мындан ары өнүктүрүү багыттары талкууланды.
Бишкекте “Русский домдун” 15 жылдыгына арналган иш-чара өттү.Ага РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, ЖК депутаттары, коомдук жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты. Эки өлкө ортосундагы маданий, билим берүү жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдөгү борбордун ролу белгиленди. РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов мекеме 2011-жылы ачылгандан бери жаштар, мугалимдер, ыктыярчылар жана чыгармачыл адамдар үчүн маанилүү аянтчага айланганын айтты.“Русский домдун” көмөгү менен кыргызстандык он миңдеген жаштар Россиядагы жогорку окуу жайларда өкмөттүк квоталардын негизинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле миңдеген ыктыярчылар, мугалимдер жана жаш адистер тажрыйбасын жогорулатты. “Русский дом” Кыргызстандагы жаштарга чоң дүйнөгө жол ачкан аянтчага айланды”, — деди дипломат. Ал ошондой эле борбор Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди бекемдеген “чыныгы көпүрөгө” айланганын белгилеп, эки өлкөнүн чыгармачыл жана достук диалогун улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Иш-чарада Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстойдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө да уюштурулду.
Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Кыргызстандын 2028-2029-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылып, иш-чарага Садыр Жапаров катышканын “Ынтымак ордодон” билдиришти.Маалыматка караганда, былтыр искусство университетине жаңы имарат курууга президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнгөн. Бир жылдан ашык мезгилде беш кабаттуу, бардык шарты бар корпус курулган.Аземде сүйлөгөн өлкө башчы бул окуя улуттук маданиятты өркүндөтүүгө, өнөрлүү жаштардын келечегине кам көрүү экенин белгилеген.Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Ведомствонун маалыматына караганда, жыйында министр Кыргызстандын ЭКУ алкагындагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык багыттардагы артыкчылыктарын белгиледи. Ошондой эле аймактык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө ЭКУнун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Жолугушууда аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле ЭКУну мындан ары өнүктүрүү багыттары талкууланды.Бишкекте “Русский домдун” 15 жылдыгына арналган иш-чара өттү.Ага РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, ЖК депутаттары, коомдук жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты. Эки өлкө ортосундагы маданий, билим берүү жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдөгү борбордун ролу белгиленди. РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов мекеме 2011-жылы ачылгандан бери жаштар, мугалимдер, ыктыярчылар жана чыгармачыл адамдар үчүн маанилүү аянтчага айланганын айтты.“Русский домдун” көмөгү менен кыргызстандык он миңдеген жаштар Россиядагы жогорку окуу жайларда өкмөттүк квоталардын негизинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле миңдеген ыктыярчылар, мугалимдер жана жаш адистер тажрыйбасын жогорулатты. “Русский дом” Кыргызстандагы жаштарга чоң дүйнөгө жол ачкан аянтчага айланды”, — деди дипломат. Ал ошондой эле борбор Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди бекемдеген “чыныгы көпүрөгө” айланганын белгилеп, эки өлкөнүн чыгармачыл жана достук диалогун улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Иш-чарада Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстойдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө да уюштурулду.Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Кыргызстандын 2028-2029-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1a/1103919161_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6974f2781d59b0d071cd3ad0b3c53848.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио