https://sputnik.kg/20260926/1103915016.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 1 миллиард 200 миллион сом деп бекитишти.БШК... 26.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-26T13:00+0600
2026-09-26T13:00+0600
2026-09-26T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1a/1103914850_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ea2ae96e713f40cac847ec4631e74a9e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 1 миллиард 200 миллион сом деп бекитишти.БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров бул сумма экинчи турду эске алуу менен айтылып жатканын, бир эле тур менен бүтсө сумма азаярын билдирди.Белгилей кетсек, Жогороку Кеңеш кечээ президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындаган. Аптанын шаршембисине туш келген бул күн жаңы талап боюнча, дем алыш деп жарыяланган.
Кыргызстанда фермерлерди насыя алуунун толук онлайн форматына өткөрүү боюнча иштер башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн iDyikan платформасында фермердин бирдиктүү санариптик профили түзүлүп, керектүү маалыматтарды мамлекеттик системалардан автоматтык алуу каралууда. Учурда платформа аркылуу фермерлер жеңилдетилген насыяга электрондук арыз берип, онлайн-кезекке туруп жана арызынын статусун көзөмөлдөй алышат. 15-апрелден бери "АБанкка" 762, "Элдик Банкка" 255 электрондук арыз жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, iDyikan аркылуу коммерциялык агрокредит, инвестициялык каржылоо жана айыл чарба техникасын лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү пландалууда.
"Бишкек арена" стадионунун расмий ачылышында 51 миң киши орундуктарга отуруп, калган конокторго фан-зона каралганын иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.Буга чейин эле жалпысынан 60 миң киши кирери айтылып жаткан.GovTicket мамлекеттик электрондук порталы аркылуу 54 миң киши билет алган, эми дагы 10 миңи бөлүштүрүлмөкчү. Билет акысыз.
«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 31-октябрынан тартып Бишкек – Фукуок – Бишкек эл аралык маршруту боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштайт. Каттамдар жумасына 3 жолу аткарылып, Кыргызстан менен Вьетнамдын популярдуу туристтик аралы болгон Фукуоктун ортосунда түз аба байланышын камсыздайт. Мындан тышкары, жүргүнчүлөр үчүн маанилүү маалымат: Фукуоктон Бишкекке кайтып келе жатканда, белгиленген жүк ташуу талаптарына жана колдонуудагы эрежелерге ылайык, салмагы 5 кг чейин мөмө-жемиш салынган бир себетти акысыз алып өтүүгө уруксат берилет. Буга чейин Бишкек – Фукуок – Бишкек маршруту авиакомпаниянын каттамдар тармагында негизинен чартердик ташуулар катары гана аткарылып келген.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барууга чакырды. Бул тууралуу Bloomberg жазды. "Ушул аптада Дональд Трамп Владимир Зеленский буга чейин бир нече жолу баш тартканына карабай, Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Москвага барууну дагы бир ирет сунуштады", — деп айтылат маалыматта. РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Зеленскийди Москвада кабыл алууга даяр экенин билдирди. Ал келген учурда толук коопсуздук кепилдиги берилерин, ошондой эле Украина жетекчилиги кандай чечимдерди кабыл алуу керектигин жакшы билерин кошумчалады. Трамп менен Зеленский шейшемби күнү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушкан. Жолугушуунун жабык бөлүгүнүн алдында журналисттер менен кыскача баарлашууда америкалык лидер демилгени толук өз колуна алып, Зеленскийге журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 1 миллиард 200 миллион сом деп бекитишти.БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров бул сумма экинчи турду эске алуу менен айтылып жатканын, бир эле тур менен бүтсө сумма азаярын билдирди.Белгилей кетсек, Жогороку Кеңеш кечээ президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындаган. Аптанын шаршембисине туш келген бул күн жаңы талап боюнча, дем алыш деп жарыяланган.Кыргызстанда фермерлерди насыя алуунун толук онлайн форматына өткөрүү боюнча иштер башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн iDyikan платформасында фермердин бирдиктүү санариптик профили түзүлүп, керектүү маалыматтарды мамлекеттик системалардан автоматтык алуу каралууда. Учурда платформа аркылуу фермерлер жеңилдетилген насыяга электрондук арыз берип, онлайн-кезекке туруп жана арызынын статусун көзөмөлдөй алышат. 15-апрелден бери "АБанкка" 762, "Элдик Банкка" 255 электрондук арыз жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, iDyikan аркылуу коммерциялык агрокредит, инвестициялык каржылоо жана айыл чарба техникасын лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү пландалууда."Бишкек арена" стадионунун расмий ачылышында 51 миң киши орундуктарга отуруп, калган конокторго фан-зона каралганын иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.Буга чейин эле жалпысынан 60 миң киши кирери айтылып жаткан.GovTicket мамлекеттик электрондук порталы аркылуу 54 миң киши билет алган, эми дагы 10 миңи бөлүштүрүлмөкчү. Билет акысыз. «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 31-октябрынан тартып Бишкек – Фукуок – Бишкек эл аралык маршруту боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштайт. Каттамдар жумасына 3 жолу аткарылып, Кыргызстан менен Вьетнамдын популярдуу туристтик аралы болгон Фукуоктун ортосунда түз аба байланышын камсыздайт. Мындан тышкары, жүргүнчүлөр үчүн маанилүү маалымат: Фукуоктон Бишкекке кайтып келе жатканда, белгиленген жүк ташуу талаптарына жана колдонуудагы эрежелерге ылайык, салмагы 5 кг чейин мөмө-жемиш салынган бир себетти акысыз алып өтүүгө уруксат берилет. Буга чейин Бишкек – Фукуок – Бишкек маршруту авиакомпаниянын каттамдар тармагында негизинен чартердик ташуулар катары гана аткарылып келген.АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийди Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барууга чакырды. Бул тууралуу Bloomberg жазды. "Ушул аптада Дональд Трамп Владимир Зеленский буга чейин бир нече жолу баш тартканына карабай, Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Москвага барууну дагы бир ирет сунуштады", — деп айтылат маалыматта. РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Зеленскийди Москвада кабыл алууга даяр экенин билдирди. Ал келген учурда толук коопсуздук кепилдиги берилерин, ошондой эле Украина жетекчилиги кандай чечимдерди кабыл алуу керектигин жакшы билерин кошумчалады. Трамп менен Зеленский шейшемби күнү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушкан. Жолугушуунун жабык бөлүгүнүн алдында журналисттер менен кыскача баарлашууда америкалык лидер демилгени толук өз колуна алып, Зеленскийге журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1a/1103914850_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_37f82ed9d84fa09f2566631ed03fa982.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио