00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Эмгек министрлиги: персоналдык ассистенттерге 100 пайыз төлөм аткарылат
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев акыркы жылдардагы экономикалык жетишкендиктерге токтолуп, 2021-2025-жылдары өлкө экономикасы 47% өсүп, өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин белгиледи. Алсак, 2025-жылы ИДП 11,1%га өссө, 2026-жылдын 8 айында 11%ды түздү. Алсак, 2025-жылы өлкө боюнча 341 инфраструктуралык объект пайдаланууга берилсе, 2026-жылы 105 социалдык объект, 60 өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилди. Мындан тышкары "Бишкек Арена" "Ырыс ордо", Талас, Каракол шаарларында жана Ысык-Көлдө ири объекттер пайдаланууга берилди. 2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сомду түзөт. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер – 634 млрд сом. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев бюджеттин көбөйүшү менен, 2027-жылы социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи:2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелерге "Бала Береке" бир жолку төлөмү бериле баштайт. Ошондой эле "бала ырысы" жөлөкпулу жана шарты катаал бийик тоолу аймактардагы электр энергиясына 50% компенсация уланат.
Баңгизат колдонуп, жакын туугандарына тынчтык бербеген 56 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.Маалымдалгандай, анын жашаган жерин тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү баңгизат табылган. Ошондой эле медициналык текшерүүдө анын баңгизат колдонгону аныкталган. "Кармалган адам оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде адам өлтүрүү, бейбаштык, тоноо жана зордуктоо боюнча алтыдан ашык жолу соттолгон. Ал жалпысынан 35 жылдан ашуун убакыт темир тор артында жаза өтөгөн", — деп айтылат билдирүүдө. Атайын кызмат шектүү эркиндикке чыккандан кийин да баңгизат колдонуп, жакын туугандарын өлтүрөм деп бир нече жолу коркутканын, ошондой эле мурда соттолгонун жана кийинки кылыктарын эске алганда, коомго коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Москва шаарында 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин "Россия сегодня" медиатоубунун кеңсесинде журналист, блогер, SMM жана PR-адистер үчүн программанын 15-модулу өттү. Беш күн аралыгында агенттиктин алдыңкы кызматкерлери заманбап медианын негизги багыттары боюнча мастер-класс жана сабактарды өтүштү. Катышуучулар социалдык тармак жана Telegram-каналдарды илгерилетүү, медиамониторинг, сүрөт жана видео контент менен иштөө, түз эфир уюштуруу жаатында билимин тереңдетишти.Салтка айлангандай аскердик кабарчылар да тажрыйбасы менен бөлүшүп, атайын аскердик операция жана согуш жүрүп жаткан жердеги журналисттин иштөө өзгөчөлүгү айтылды. Курстун негизги темаларынын бири нейротүйүн менен иштөө болду. Катышуучулар жасалма акылды пайдалануунун мааниси барган сайын артып баратканын белгилешкен.Жалпы жонунан катышуучулар "Sputnik Pro на Зубовском" журналисттер үчүн эле эмес, башка кесиптин ээлерине да пайдалуу болорун белгилешкен. Модулдун жүрүшүндө үйрөнгөн жаңы нерселерди үйгө кайткандан кийин да кеңири колдонууга болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0