https://sputnik.kg/20260926/1103911521.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Бишкекте курулган "Асман резиденс-1" турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Анын ачылышына... 26.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-26T08:59+0600
2026-09-26T08:59+0600
2026-09-26T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1a/1103911355_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a3a0519240b5e50274b75d132de215c1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Бишкекте курулган "Асман резиденс-1" турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, жаңы батирлердин ачкычын тапшырганын маалымат кызматы билдирди. Комплекстеги 1 050 батир "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүдө. Президенттин айтымында, жыл аягына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашуун батирдин курулушун аяктоо мерчемделген. Учурда Кыргызстанда 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж. Алардын 100 миңге жакынын 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу пландалууда. "Асман резиденс-1" комплекси 11 блоктон турат. Курулуш 2024-жылдын октябрында башталган.
Садыр Жапаров президенттик шайлоодо админресурсту колдонгондорду жазалоону тапшырды Өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, мугалимдерди, студенттерди, дарыгерлерди жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерин үгүт иштерине тартууга тыюу салынат. Министрлер кабинетине мыйзамсыз үгүт иштерине катышкан же кызматтык абалын талапкердин пайдасына пайдаланган адамдарды жоопкерчиликке тартуу, зарыл болгон учурда кызматтан бошотуу тапшырылды. Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты акыркы 50 жылда болжол менен 20–25 пайызга кыскарган. Талас бассейнинде бул көрсөткүч 40–45 пайызга жетет. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун илимий кызматкери, гляциолог Гүлбара Оморова билдирди. Анын айтымында, мөңгүлөрдүн кыскарышынын негизги себеби — климаттын жылышы. "Маселе мөңгүнүн жай мезгилинде эришинде эмес. Мөңгүнүн жай айларында эриши — негизи табигый процесс. Негизги көйгөй — кыш-жазда топтолгон масса менен жайында жоголгон массанын ортосундагы тең салмактын бузулушунда. Мөңгү жыл сайын жоготкон массасын кайра толук топтой албай калганда анын көлөмү азайып, аянты кичирейип, мөңгүнүн тили артка чегине баштайт. Бул процесс келечекте дарыялардын агымына жана суу ресурстарына таасир этиши мүмкүн", — деди эксперт. Оморованын айтымында, ал изилдеп жаткан Адыгине мөңгү системасында да өзгөрүүлөр ачык байкалат.
Кыргызстанда таштанды төгүүчү жайларды уюштургандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, мындай жайды түзгөн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. Эгер эреже бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айып жеке жактар үчүн 20 миң, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле коомдук иштерге тартуу чарасы каралган. Мындан тышкары, туристтик жана жаратылыш аймактарына таштанды таштоо, үйүү же өрттөө үчүн жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салуу каралууда. Бул жорук кайталанса айып өлчөмү тиешелүүлүгүнө жараша 10 миң жана 23 миң сомго чейин жетет. Ал эми унаа жолдорунун боюна таштанды ыргытуу, үй
Күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Бишкекте курулган "Асман резиденс-1" турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, жаңы батирлердин ачкычын тапшырганын маалымат кызматы билдирди. Комплекстеги 1 050 батир "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүдө. Президенттин айтымында, жыл аягына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашуун батирдин курулушун аяктоо мерчемделген. Учурда Кыргызстанда 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж. Алардын 100 миңге жакынын 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу пландалууда. "Асман резиденс-1" комплекси 11 блоктон турат. Курулуш 2024-жылдын октябрында башталган. Садыр Жапаров президенттик шайлоодо админресурсту колдонгондорду жазалоону тапшырды Өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, мугалимдерди, студенттерди, дарыгерлерди жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерин үгүт иштерине тартууга тыюу салынат. Министрлер кабинетине мыйзамсыз үгүт иштерине катышкан же кызматтык абалын талапкердин пайдасына пайдаланган адамдарды жоопкерчиликке тартуу, зарыл болгон учурда кызматтан бошотуу тапшырылды. Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты акыркы 50 жылда болжол менен 20–25 пайызга кыскарган. Талас бассейнинде бул көрсөткүч 40–45 пайызга жетет. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун илимий кызматкери, гляциолог Гүлбара Оморова билдирди. Анын айтымында, мөңгүлөрдүн кыскарышынын негизги себеби — климаттын жылышы. "Маселе мөңгүнүн жай мезгилинде эришинде эмес. Мөңгүнүн жай айларында эриши — негизи табигый процесс. Негизги көйгөй — кыш-жазда топтолгон масса менен жайында жоголгон массанын ортосундагы тең салмактын бузулушунда. Мөңгү жыл сайын жоготкон массасын кайра толук топтой албай калганда анын көлөмү азайып, аянты кичирейип, мөңгүнүн тили артка чегине баштайт. Бул процесс келечекте дарыялардын агымына жана суу ресурстарына таасир этиши мүмкүн", — деди эксперт. Оморованын айтымында, ал изилдеп жаткан Адыгине мөңгү системасында да өзгөрүүлөр ачык байкалат.Кыргызстанда таштанды төгүүчү жайларды уюштургандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, мындай жайды түзгөн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. Эгер эреже бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айып жеке жактар үчүн 20 миң, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле коомдук иштерге тартуу чарасы каралган. Мындан тышкары, туристтик жана жаратылыш аймактарына таштанды таштоо, үйүү же өрттөө үчүн жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салуу каралууда. Бул жорук кайталанса айып өлчөмү тиешелүүлүгүнө жараша 10 миң жана 23 миң сомго чейин жетет. Ал эми унаа жолдорунун боюна таштанды ыргытуу, үй
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1a/1103911355_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ddc914f5421291a5ffa137824e0a72bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио