https://sputnik.kg/20260925/1103908124.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Араванда пахта терүү башталды Быйыл райондо 1 252 гектар жерге пахта айдалып, гектарынан 60–70 центнерден түшүм алынууда. Айыл чарба министрлиги дыйкандар... 25.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-25T19:00+0600
2026-09-25T19:00+0600
2026-09-25T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/19/1103907958_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_92f35f5fda9a296439ce432be4feef3b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Араванда пахта терүү башталды Быйыл райондо 1 252 гектар жерге пахта айдалып, гектарынан 60–70 центнерден түшүм алынууда. Айыл чарба министрлиги дыйкандар сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып сугаруу системасын колдонуп жатышканын билдирди. Пахта негизинен Кытайга, Иранга жана ЕАЭБге мүчө Россияга экспорттолот.
Казакстандын Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда 14 жоокердин каза болушуна байланыштуу Коргоо министрлигинин беш жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кармалгандардын арасында Куралдуу күчтөрдүн Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары — штаб башчысы, эки аскер бөлүгүнүн командири, деңиз жөө аскерлер ротасынын командири жана катердин командири бар. Алар кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле кылуу жана кеме башкаруу эрежелерин бузуу боюнча айыпталууда. Учурда алардын баары шектүү катары таанылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эске салсак, каргаша 24-сентябрда Актау шаарынан 43 чакырым алыстыкта, Каспий деңизинин жээгинде өткөн окуу-машыгуу учурунда болгон. Аскер кызматкерлери "Кайсар" катеринен жээкке түшүрүлүп жаткан учурда аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам 17 жоокерди деңиз алып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14ү каза болгон. "Тергөөдө окуу-аскердик тапшырманы уюштуруу жана өткөрүүдө чечимдер кандай кабыл алынганы, коопсуздук талаптарынын сакталышы, гидрометеорологиялык абалдын эске алынышы, катердин техникалык абалы жана машыгууну өткөрүүгө жана аскер кызматкерлеринин коопсуздугуна жооптуу адамдардын аракеттери иликтенүүдө", — деп айтылат билдирүүдө. Ведомство кылмыш ишинин алкагында кармалышы мүмкүн болгон адамдар дагы көбөйүшү ыктымал экенин билдирди. Тергөөнүн жүрүшү Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.
Кыргызстандык спортчу Аида Асанбекова самбо боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орунду ээледи. Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, ал мелдешке 65 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, III орунду ээлөө менен коло медалга татыды. Мелдештер Тажикстандын Душанбе шаарында өттү.
Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик Думанын IX чакырылышына өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Добуш берүүгө шайлоочулардын 59,8 пайыздан ашыгы катышкан. Белгилей кетсек, Мамлекеттик Думага шайлоо 18-20-сентябрь күндөрү өткөн.
Араванда пахта терүү башталды Быйыл райондо 1 252 гектар жерге пахта айдалып, гектарынан 60–70 центнерден түшүм алынууда. Айыл чарба министрлиги дыйкандар сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып сугаруу системасын колдонуп жатышканын билдирди. Пахта негизинен Кытайга, Иранга жана ЕАЭБге мүчө Россияга экспорттолот.Казакстандын Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда 14 жоокердин каза болушуна байланыштуу Коргоо министрлигинин беш жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кармалгандардын арасында Куралдуу күчтөрдүн Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары — штаб башчысы, эки аскер бөлүгүнүн командири, деңиз жөө аскерлер ротасынын командири жана катердин командири бар. Алар кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле кылуу жана кеме башкаруу эрежелерин бузуу боюнча айыпталууда. Учурда алардын баары шектүү катары таанылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эске салсак, каргаша 24-сентябрда Актау шаарынан 43 чакырым алыстыкта, Каспий деңизинин жээгинде өткөн окуу-машыгуу учурунда болгон. Аскер кызматкерлери "Кайсар" катеринен жээкке түшүрүлүп жаткан учурда аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам 17 жоокерди деңиз алып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14ү каза болгон. "Тергөөдө окуу-аскердик тапшырманы уюштуруу жана өткөрүүдө чечимдер кандай кабыл алынганы, коопсуздук талаптарынын сакталышы, гидрометеорологиялык абалдын эске алынышы, катердин техникалык абалы жана машыгууну өткөрүүгө жана аскер кызматкерлеринин коопсуздугуна жооптуу адамдардын аракеттери иликтенүүдө", — деп айтылат билдирүүдө. Ведомство кылмыш ишинин алкагында кармалышы мүмкүн болгон адамдар дагы көбөйүшү ыктымал экенин билдирди. Тергөөнүн жүрүшү Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.Кыргызстандык спортчу Аида Асанбекова самбо боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орунду ээледи. Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, ал мелдешке 65 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, III орунду ээлөө менен коло медалга татыды. Мелдештер Тажикстандын Душанбе шаарында өттү.Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик Думанын IX чакырылышына өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Добуш берүүгө шайлоочулардын 59,8 пайыздан ашыгы катышкан. Белгилей кетсек, Мамлекеттик Думага шайлоо 18-20-сентябрь күндөрү өткөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/19/1103907958_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_734a441d9388abc5b51e0a807031e668.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио