00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Хирургия нового поколения: сможет ли робот изменить кыргызскую медицину?
18:11
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Кыргыз футзалы: дүйнө чемпионаты кыялбы же жакынкы максатпы?
19:08
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмдөө календары жаңыртылат: ГАВИге жаңы өтүнмө даярдалууда
21:05
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине миңден ашык ипотекалык батирдин ачкычын тапшырды. Бишкекте курулган “Асман резиденс-1” комплекси 11 блоктон туруп, жалпы 1 050 батири бар. Аймагында 551 орундуу унаа токтотмосу жана балдар үчүн оюн аянтчалары каралган. Ачкыч тапшырып жатып өлкө башчы жыл аягына чейин МИК аркылуу 20 миңден ашык түтүнгө батир берилерин билдирди. Президенттин айтымында, азыркы учурда өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, анын 100 миңге жакынын 2026-2027-жылдары үй менен камсыз кылуу мерчемделүүдө. “2030-жылга чейин турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатыбыз бар”, — деген ал.
Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоодо административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөө жана мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Ага ылайык, мугалимдерди, студенттерди, дарыгерлерди жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерин үгүт иштерине тартууга тыюу салынат. Министрлер кабинетине мыйзамсыз үгүт иштерине катышкан же кызматтык абалын талапкердин пайдасына пайдаланган адамдарды жоопкерчиликке тартуу, зарыл болгон учурда кызматтан бошотуу тапшырылды. Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Бишкектен Санья (Хайнань) менен Пхукетке (Таиландга) түз аба каттамдары ачылат Бишкек — Санья — Бишкек багыты боюнча рейс декабрдан тарта аткарыла баштайт, ал эми Пхукетке ноябрдан тарта учууга болот. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы Таиландга учак аптасына эки ирет каттай турганын билдирди.
Бишкек — Ош жолунда эки автоунаа кагышып, 6 адам жабыркады Чүйдүн жол милициясынын айтымында, Toyota Crown менен Honda Odyssey автокөлүктөрү сүзүшкөн. Жыйынтыгында Одиссейдин 6 жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын төрагасы Халилур Рахман менен жолукту. "ТИМ башчысы 81-сессиядагы кыргыз тараптын негизги демилгелери жана артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди. Өлкөнүн 2027-жылдын январынан баштап БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу эмес мүчө катары алдыдагы ишине өзгөчө көңүл бурду. Климатка байланыштуу жана тоо маселелери боюнча тоолуу аймактардын экологиялык, климаттык, социалдык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн, көйгөйлөрүн эл аралык деңгээлде талкуулоо жана чечүү үчүн көтөрүлгөн маселелердин топтомунун мааниси да белгиленди", — деп айтылган маалыматта. Кулубаев 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" жогорку деңгээлдеги Глобалдык тоо саммитине даярдыктарды айтып өтүп, Башкы Ассамблеянын төрагасын бул иш-чарага активдүү катышууга чакырган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара колдоо көрсөтүүнү макулдашып, эл аралык коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү чыңдоо үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0