https://sputnik.kg/20260904/yeaeb-menen-shku-kyzmattashtykty-keneytet-1103456439.html
ЕАЭБ менен ШКУ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет
ЕАЭБ менен ШКУ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T19:14+0600
2026-09-04T19:14+0600
2026-09-04T19:14+0600
дүйнөдө
еаэб
шку
еэк
кызматташуу
соода
алака
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/0c/1070968101_0:13:3071:1740_1920x0_80_0_0_a19c64525376376e47910814a068dbf4.jpg
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы сессияда талкууланды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев ШКУну ЕАЭБ үчүн географиялык коңшу гана эмес, артыкчылыктуу өнөктөш катары белгиледи. Анын айтымында, ШКУ өлкөлөрүнө ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүнүн дээрлик жарымы туура келет. Кызматташтыктын негизги багыттары катары транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, бажы кызматташтыгы, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана санариптештирүү белгиленди. Иманалиев ошондой эле 17-сентябрда Пекиндеги ШКУнун штаб-квартирасында "ЕАЭБ күндөрү" өтөрүн билдирди. Анын алкагында ЕЭК менен ШКУ катчылыгынын 2027-2030-жылдарга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюу пландалууда. Министр ЕАЭБ, ШКУ жана АСЕАНдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү да маанилүү экенин белгилеп, тараптардын жөнгө салуу ыкмаларын акырындап жакындатуу зарылдыгын айтты.
https://sputnik.kg/20260903/overchuk-eaebge-mucholuk-chakan-ekonomika-kyrgyzstan-1103428273.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/0c/1070968101_249:0:2980:2048_1920x0_80_0_0_b321139c6d11b8ad3c2712d58dcdbb54.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, еаэб, шку, еэк, кызматташуу, соода, алака
дүйнөдө, еаэб, шку, еэк, кызматташуу, соода, алака
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы сессияда талкууланды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев ШКУну ЕАЭБ үчүн географиялык коңшу гана эмес, артыкчылыктуу өнөктөш катары белгиледи. Анын айтымында, ШКУ өлкөлөрүнө ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүнүн дээрлик жарымы туура келет.
Кызматташтыктын негизги багыттары катары транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, бажы кызматташтыгы, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана санариптештирүү белгиленди.
Иманалиев ошондой эле 17-сентябрда Пекиндеги ШКУнун штаб-квартирасында "ЕАЭБ күндөрү" өтөрүн билдирди. Анын алкагында ЕЭК менен ШКУ катчылыгынын 2027-2030-жылдарга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюу пландалууда.
Министр ЕАЭБ, ШКУ жана АСЕАНдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү да маанилүү экенин белгилеп, тараптардын жөнгө салуу ыкмаларын акырындап жакындатуу зарылдыгын айтты.