https://sputnik.kg/20260901/1103361911.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кийинки Көчмөндөр оюндары Татарстанда өтмөй болдуАКШда Россияга каршы жаңы санкциялар мыйзамына каршы чыккандар көбөйдүБүгүн Бишкекте ШКУ саммити өтөт 01.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-01T11:00+0600
2026-09-01T11:00+0600
2026-09-01T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103361745_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_de94a60c09cdf403bbc811c1fcc9d3a0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кийинки Көчмөндөр оюндары Татарстанда өтмөй болдуАКШда Россияга каршы жаңы санкциялар мыйзамына каршы чыккандар көбөйдүБүгүн Бишкекте ШКУ саммити өтөт
Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. Бул иш-чараларга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Монголия, Того, Түркия, Лаос, Вьетнам жана Мисирдин өлкө жетекчилери катышат. Эл аралык уюмдардан Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү да катышат. Жыйындын алкагында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Бишкек Аренада" өтүп жаткан ачылыш салтанатында билдирди. Өлкө башчысы өтүп жаткан иш-чаралардын маанисине токтолуп, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы өзгөчө көңүл бөлө турган окуя экенин белгилеген.Өлкө башчысы республиканын ийгиликтерине токтолуп, кийинки VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөрүн белгиледи. "Учурдан пайдаланып, Россия Федерациясынан 2028-жылы 7-Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирген расмий кат келгенин жарыялай кетейин. Бул үчүн Россия Федерациясынын өлкө жетекчиси урматтуу Владимир Владимирович Путинге ыраазычылык билдирем. Биз бул эл аралык маанидеги иш-чараны жогорку денгээлде өткөрүүдө Россия тарапка ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз", — деди Жапаров. Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары 6-сентябрга чейин уланат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту. Бул тууралуу парламент төрагасы социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды. “Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү, экономика, инвестиция, соода, билим берүү жана санариптик өнүгүү тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине көңүл бурулду”, - деп жазды төрага.
АКШнын Өкүлдөр палатасында Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча мыйзам долбоору тоскоолдукка кептелди. Бул тууралуу Politico жазды. Басылмадагы маалыматка караганда, демократтар буга катуу каршы чыгып жатса, республикачылардын арасында деле аны колдоого ынтызар болгондор аз. Макалада белгиленгендей, мыйзам долбоору палатада өтпөй, токтоп калуу коркунучу бар. Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффристин айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынса, Дональд Трампка жана анын администрациясына санкциялар менен бажы төлөмдөрүн каалагандай киргизүүгө чоң укук берилип калат. Демократтар Трамп бул укукту кыянаттык менен өз кызыкчылыгына колдонот деп кооптонушууда. Документ Өкүлдөр палатасына өткөрүп берилген, бирок аны талкуулоо сентябрь айында гана башталат. Россия бийлиги болсо санкцияларга көп жылдан бери туруштук берип келе жатканын жана мындан ары да туруштук бере берерин билдирүүдө. Москванын айтымында, Батыш өлкөлөрү россиялык энергиядан баш тартып, чоң ката кетирди. Ошол эле ресурстарды эми ортомчулар аркылуу бир топ кымбат сатып алууга мажбур болуп, көз карандылыгы ого бетер күчөйт деген .
Кийинки Көчмөндөр оюндары Татарстанда өтмөй болдуАКШда Россияга каршы жаңы санкциялар мыйзамына каршы чыккандар көбөйдүБүгүн Бишкекте ШКУ саммити өтөт Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. Бул иш-чараларга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Монголия, Того, Түркия, Лаос, Вьетнам жана Мисирдин өлкө жетекчилери катышат. Эл аралык уюмдардан Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү да катышат. Жыйындын алкагында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге кол коюлары күтүлүүдө. 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Бишкек Аренада" өтүп жаткан ачылыш салтанатында билдирди. Өлкө башчысы өтүп жаткан иш-чаралардын маанисине токтолуп, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы өзгөчө көңүл бөлө турган окуя экенин белгилеген.Өлкө башчысы республиканын ийгиликтерине токтолуп, кийинки VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөрүн белгиледи. "Учурдан пайдаланып, Россия Федерациясынан 2028-жылы 7-Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирген расмий кат келгенин жарыялай кетейин. Бул үчүн Россия Федерациясынын өлкө жетекчиси урматтуу Владимир Владимирович Путинге ыраазычылык билдирем. Биз бул эл аралык маанидеги иш-чараны жогорку денгээлде өткөрүүдө Россия тарапка ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз", — деди Жапаров. Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары 6-сентябрга чейин уланат. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту. Бул тууралуу парламент төрагасы социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды. “Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү, экономика, инвестиция, соода, билим берүү жана санариптик өнүгүү тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине көңүл бурулду”, - деп жазды төрага. АКШнын Өкүлдөр палатасында Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча мыйзам долбоору тоскоолдукка кептелди. Бул тууралуу Politico жазды. Басылмадагы маалыматка караганда, демократтар буга катуу каршы чыгып жатса, республикачылардын арасында деле аны колдоого ынтызар болгондор аз. Макалада белгиленгендей, мыйзам долбоору палатада өтпөй, токтоп калуу коркунучу бар. Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффристин айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынса, Дональд Трампка жана анын администрациясына санкциялар менен бажы төлөмдөрүн каалагандай киргизүүгө чоң укук берилип калат. Демократтар Трамп бул укукту кыянаттык менен өз кызыкчылыгына колдонот деп кооптонушууда. Документ Өкүлдөр палатасына өткөрүп берилген, бирок аны талкуулоо сентябрь айында гана башталат. Россия бийлиги болсо санкцияларга көп жылдан бери туруштук берип келе жатканын жана мындан ары да туруштук бере берерин билдирүүдө. Москванын айтымында, Батыш өлкөлөрү россиялык энергиядан баш тартып, чоң ката кетирди. Ошол эле ресурстарды эми ортомчулар аркылуу бир топ кымбат сатып алууга мажбур болуп, көз карандылыгы ого бетер күчөйт деген .
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103361745_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_60d1955632af24e963daebceea8cf9d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио