https://sputnik.kg/20260901/1103355192.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келген АКШнын атайын өкүлү Серджио Гор менен "Ынтымак ордо"до откон жолугушууда... 01.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-01T08:59+0600
2026-09-01T08:59+0600
2026-09-01T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103355026_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4e152897a113a1dc3264c60585f58fbc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келген АКШнын атайын өкүлү Серджио Гор менен "Ынтымак ордо"до откон жолугушууда кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болгон. Өзгөчө көңүл "Борбордук Азия + АКШ" форматынын алкагындагы кызматташтыкка бурулду. Буга байланыштуу тараптар 2027-жылы ушул форматта мамлекет башчыларынын экинчи саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Мындан тышкары, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана Кыргызстандын жана АКШнын ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүдө жана өз ара кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө "В5+1" платформасынын ролу белгиленди. Ошондой эле президент АКШга барууну каалаган кыргызстандыктарга карата визалык талаптарды жеңилдетүү зарылдыгына көңүл бурду. Өз кезегинде Гор мамлекет башчысынын сунуштарын колдоп, кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун соңунда Жапаров АКШнын президенти Дональд Трампка салам жолдоп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан америкалык спортчуларга ийгилик каалады
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кыргыз-кытай алакасынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Сыдыков белгилегендей, эки мамлекет ортосунда биргелешип ишке ашырылып жаткан көптөгөн долбоорлор бар. Учурда соода жана инвестициялар боюнча келишимдин үстүндө иштер жүрүүдө. "Бул абдан кызыктуу жана ошол эле учурда абдан маанилүү келишим болот деп эсептейм. Анткени ал эки өлкөнүн компаниялары менен ишканаларына Кытайда жана Кыргызстанда өз ара иш алып баруусу үчүн зарыл шарттарды түзөт. Менимче, бул негизги жетишкендиктердин бири болот. Ошондой эле бүгүн бир катар келишимдерге кол коюлду. Экономика министрлиги бир нече келишимдерге кол коюуга жетишти. Анын ичинде бажы, чек ара жана башка тармактарда бир катар макулдашуулар бар", - деди министр.
Кыргызстанга ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине келген Россия президенти Владимир Путин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту.Лидерлер эки өлкөнүн алакасын талкуулап, Путин кызматташуу бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеген. "Эгер Пекин пайдалуу деп эсептесе, Москва Россия менен Кытайдын ортосундагы визасыз режимди туруктуу негизге өткөрүү боюнча иш жүргүзүүгө даяр", — деди Путин. Россия президентин тышкы иштер министри Сергей Лавров, өкмөттүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, өлкө башчынын жардамчысы Юрий Ушаков жана башка аткаминерлер коштоп жүрөт. Кытай төрагасы Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен 30-сентябрда келген.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров "Эгерде башкалар кеңештин калган мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алса, Россия Арктика кеңешинин ишин жандантууга даяр" Бул туурасында Arctic.ru. порталындагы макаласында белгилеген. "Башкалар калган мүчөлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктары менен эсептешип ачык жана ак дили менен иштешсе, Россия Арктика кеңешинин ишмердүүлүгүн жандандырууга даяр", — деди министр. Лавров, мындан сырткары, Россия Түндүк уюл аймагындагы эл аралык ири иш-чараны келерки жылы уюштура турганын билдирди. "Келерки жылдын март айында Мурманск шаарында өтө турган Россиянын Түндүк уюл аймагындагы кезектеги "Арктика – диалог аймагы" эл аралык форумунда чет элдик жогорку даражалуу меймандарды канааттануу менен тосуп алмакчыбыз", — деген министр. Лавров Владивостокто өтүүчү Чыгыш экономикалык XI форумунун атайын сессияларында Арктика маселелерин талкуулоого чет элдик бир топ делегация катышарын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келген АКШнын атайын өкүлү Серджио Гор менен "Ынтымак ордо"до откон жолугушууда кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болгон. Өзгөчө көңүл "Борбордук Азия + АКШ" форматынын алкагындагы кызматташтыкка бурулду. Буга байланыштуу тараптар 2027-жылы ушул форматта мамлекет башчыларынын экинчи саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Мындан тышкары, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана Кыргызстандын жана АКШнын ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүдө жана өз ара кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө "В5+1" платформасынын ролу белгиленди. Ошондой эле президент АКШга барууну каалаган кыргызстандыктарга карата визалык талаптарды жеңилдетүү зарылдыгына көңүл бурду. Өз кезегинде Гор мамлекет башчысынын сунуштарын колдоп, кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун соңунда Жапаров АКШнын президенти Дональд Трампка салам жолдоп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан америкалык спортчуларга ийгилик кааладыЭкономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кыргыз-кытай алакасынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Сыдыков белгилегендей, эки мамлекет ортосунда биргелешип ишке ашырылып жаткан көптөгөн долбоорлор бар. Учурда соода жана инвестициялар боюнча келишимдин үстүндө иштер жүрүүдө. "Бул абдан кызыктуу жана ошол эле учурда абдан маанилүү келишим болот деп эсептейм. Анткени ал эки өлкөнүн компаниялары менен ишканаларына Кытайда жана Кыргызстанда өз ара иш алып баруусу үчүн зарыл шарттарды түзөт. Менимче, бул негизги жетишкендиктердин бири болот. Ошондой эле бүгүн бир катар келишимдерге кол коюлду. Экономика министрлиги бир нече келишимдерге кол коюуга жетишти. Анын ичинде бажы, чек ара жана башка тармактарда бир катар макулдашуулар бар", - деди министр. Кыргызстанга ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине келген Россия президенти Владимир Путин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту.Лидерлер эки өлкөнүн алакасын талкуулап, Путин кызматташуу бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеген. "Эгер Пекин пайдалуу деп эсептесе, Москва Россия менен Кытайдын ортосундагы визасыз режимди туруктуу негизге өткөрүү боюнча иш жүргүзүүгө даяр", — деди Путин. Россия президентин тышкы иштер министри Сергей Лавров, өкмөттүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, өлкө башчынын жардамчысы Юрий Ушаков жана башка аткаминерлер коштоп жүрөт. Кытай төрагасы Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен 30-сентябрда келген.РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров "Эгерде башкалар кеңештин калган мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алса, Россия Арктика кеңешинин ишин жандантууга даяр" Бул туурасында Arctic.ru. порталындагы макаласында белгилеген. "Башкалар калган мүчөлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктары менен эсептешип ачык жана ак дили менен иштешсе, Россия Арктика кеңешинин ишмердүүлүгүн жандандырууга даяр", — деди министр. Лавров, мындан сырткары, Россия Түндүк уюл аймагындагы эл аралык ири иш-чараны келерки жылы уюштура турганын билдирди. "Келерки жылдын март айында Мурманск шаарында өтө турган Россиянын Түндүк уюл аймагындагы кезектеги "Арктика – диалог аймагы" эл аралык форумунда чет элдик жогорку даражалуу меймандарды канааттануу менен тосуп алмакчыбыз", — деген министр. Лавров Владивостокто өтүүчү Чыгыш экономикалык XI форумунун атайын сессияларында Арктика маселелерин талкуулоого чет элдик бир топ делегация катышарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103355026_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e1b20cf956740a32de8b2c0b35a525b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио