00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Что происходит в регионах Кыргызстана пока мы сидим в Бишкеке и жалуемся на пробки
12:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы медициналык туризм: мүмкүнчүлүктөрү, көйгөйлөрү жана келечеги
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Хеликобактер пилори” ракты чакырат: Кеңири тараган бактериянын коркунучу эмнеде?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Евразия өнүктүрүү банкынын 2026-жылдын алгачкы жети айына карата акыркы аналитикалык маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 11,1%га өстү. Аналитиктердин баамында, тышкы экономикалык шарттардын, анын ичинде энергия булактарынын баасынын өсүшүнө карабастан өлкө экономикасы ИДПнын оң динамикасын сактоо үчүн жетиштүү коопсуздук чегине ээ. Бул өңүттө өкмөттүн мунай заттарына баанын өсүшүн кармап турууга багытталган чараларын белгилөөгө болот. Кыргызстанда керектелген мунай заттарынын 90%дан ашыгы чет өлкөдөн импорттолот. Өкмөт жеткирүүчүлөрдү субсидиялоо аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды сатып алуу баасы менен Кыргызстандагы май куюучу жайлардагы сатуу баасынын ортосундагы айырманы жабууда. Күйүүчү майдын маркасына жараша бир литрине болгон айырма 25 сомдон 37 сомго чейин жетет. Демек, мамлекеттик деңгээлде бул олуттуу сумма болуп саналат. Ошого карабастан, бийлик инфляцияны кармап туруу үчүн калкты жана бизнести колдоону улантууда.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун алкагында "Жалал-Абад Түштүк" станциясы курулат. Бул тууралуу №11-1 тилкенин долбоордук башкаруу бөлүмүнүн башкы инженери Пан Вэй билдирди. Анын айтымында, станциянын курулушун ушул жылдын октябрь айында баштап, 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Учурда долбоор жана курулуш жүргүзүлө турган аймак тиешелүү деңгээлде даярдалды.Маалыматта белгиленгендей, станциянын имараттары жана курулмаларынын жалпы аянты 45 миң чарчы метрди түзөт. Анын ичинен 6,6 миң чарчы метр жүргүнчүлөрдү тейлөөчү темир жол бекетине бөлүнөт. Станция жайгашкан аймактагы үймө топурактын долбоордук көлөмү 2,69 млн куб метрди түзөт.
Кыргызстандан чет өлкөлөргө тоок эти жана андан жасалган азыктарды экспорттоо көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2026-жылдын январь-июнь айларында 410 тонна куш эти жана андан жасалган продукция сатылган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 170 тоннага көп көрсөткүч. Экспорттолгон продукциянын 318 тоннасы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө жөнөтүлгөн.Кыргызстандын тоок этин негизинен Казакстан менен Россия сатып алууда. Калган продукция Өзбекстан жана Тажикстанга кеткен.
Кыргызстанда Bigser деп аталган эл аралык деңгээлдеги гимнастика академиясынын түптөлүшүнө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду акча бөлүп бермекчи. Эл аралык гимнастика, этикет жана сулуулук академиясы улуттук курама командаларды дүйнөлүк мелдештерге жана Олимпиада оюндарына даярдоого мүмкүндүк бермекчи.Аянты беш миң чарчы метрден ашкан беш кабаттуу комплекс өлкөдөгү Эл аралык гимнастика федерациясынын стандарттарына жооп берген алгачкы адистештирилген спорт борбору болот. Анын негизги өзгөчөлүгү — шыбынын бийиктиги 18 метр болгон гимнастика залы.
Батыш каржы жана курал-жарак жагынан жардам бербей койсо, Украина бул жаңжалда эң көп дегенде төрт ай гана туруштук бере алат. Мындай пикирин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник РИА Новостиге айтты. Москванын айтымында, Киевге курал ташуу согушту токтотууга жолтоо болуп, НАТО өлкөлөрүн чырдын ичине түз сүйрөйт жана бул "от менен ойногонго" барабар. Кремль Украинаны Батыштын куралына көөмп салуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө эч жардам бербей турганын, анын кесепети оор болорун далай жолу эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0