00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
21:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Будь в курсе
Кыргызстанские ювелиры хотят конкурировать с Bvlgari и Tiffany & Co. Каковы перспективы?
10:08
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү мыйзамсыз жүгүрткөндөргө жаза күчөтүлөт
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эксперт Максат Чаки: Креативдүү экономика колго алынса Кыргызстан үчүн экинчи "Кумтөр" боло алат
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 2026-2027-окуу жылында мамлекеттик гранттын негизинде билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 20 квоталык орун бөлүндү. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн орундар боюнча талапкерлерди тандоо Ош мамлекеттик университетинде жүргүзүлөт. Кыргызстандын жарандары бакалавриаттын мектепке чейинки билим берүү, компьютердик инженердик долбоорлоо, агрономия, суу чарбасы жана мелиорация, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле курулуш инженердик долборлоо багыттары боюнча тапшыра алышат. Документтерди кабыл алуу 22-августка чейин, ал эми кирүү сынактары 24-августта саат 08:00дө Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өтөт. Талапкерлер эки профилдик предмет боюнча сынак тапшырат. Окутуу өзбек жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
Чуй облусунда жогорку билими бар, бирок педагогикалык билими жок адистерди мугалимдик кесипке кайра даярдоого багытталган “Заманбап мугалим” долбоору пилоттук негизде ишке ашырылууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов билдирди. Анын айтымында, долбоордун алкагында жогорку билими бар, бирок педагог эмес адистер атайын кайра даярдоо программасынан өтүп, практикалык сабактарды коштоо менен мугалимдикке даярдалат. Музулманов белгилегендей, мугалимдердин жетишсиздиги өзгөчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байкалууда. Былтыркы окуу жылынын аягында өлкө боюнча жалпы 658 мугалим жетишсиз болгон.Ал ошондой эле өлкө мектептеринин 90 пайыздан ашыгы жаңы окуу жылына даяр экенин белгиледи.
Бишкектин мэри эл аралык иш-чаралар маалында айрым кафе, ресторандарды жаба туруу демилгесинин себебин түшүндүрдү Буга чейин соцтармактарга муниципалитет ишкерлерге жөнөткөн каттын сүрөтү тараган. Анда ШКУ саммитине келген делегациялар өткөн жолдордун боюндагы коомдук тамактануу жайлары, машина жууган жерлерди эки күнгө жаба туруу керектиги айтылган. Айбек Жунушалиев шаар бийлиги 30дан ашык бизнес-объектинин ээсине билдирүү берилгенин тастыктады.
АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жакшы мамиледемин деп жар салганын РИА Новости жазды. Бул билдирүүнү Трамп АКШ менен Түштүк Кореянын Ulchi Freedom Shield деп аталган биргелешкен аскердик машыгууларына даярдык көрүлүп жаткан маалда жасады. Ага чейин Пентагондун башчысы Пит Хегсетке биргелешкен маневрлардын масштабын кыскартууну тапшырганын айткан. Американын президенти аны зарылчылыгы жок иш-чара катары сыпаттаган. Ал арада Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги аталган машыгууларды баскынчылык согушка көрүлгөн даярдык катары баалап, буга жооп кайтарууга даяр экенин билдирди. Дүйшөмбү күнү баштала турган машыгууларга АКШ, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдүн миңдеген аскери согуштук техникасы менен катышарын кабарлаган. Түндүк Корея Вашингтондун, Сеулдун жана Токионун аскердик кызматташуусун бир нече ирет сындаган. Пхе
Жаңылыктар түрмөгү
0