00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Баткен облусунун Кадамжай шаарында эки өлкө ортосундагы жер аянттарын алмашуунун уюштуруу-техникалык, мүлктүк-чарбалык маселелерин чечүү, жашоочулардын жарандыгын аныктоо боюнча биргелешкен жумушчу комиссиясынын жыйыны өткөнү маалымдалды.Мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки айылда болжол менен 2 500 адам бар. Кыргызстан Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарынын ордуна Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер берүүнү макулдашкан. Белгилей кетсек Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган.
Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата атайын фан-зоналар уюштурулат. Мэриядан билдиришкендей, анда борбор калаанын тургундары жана коноктору ачылыш аземин, ошондой эле эл аралык саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде LED-экрандар аркылуу көрө алышат. Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында болот. Мындан тышкары, шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн төрт райондо фан-зоналар иштейт.Белгилей кетсек, түз эфир башталганга чейин кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программалар уюштурулат. Мындан тышкары, аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт. Ошондой эле коноктор үчүн улуттук оюндарга — тогуз коргоол, чүкө, беш таш жана башка интерактивдүү программа даярдалат.
Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Эл аралык олимпиадада тарыхый жыйынтык көрсөтүштүТашкентте өткөн олимпиадага катышкан төрт окуучу эки күмүш жана эки колону багындырышкан. Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи.
Росссиянын Тышкы иштер министрлиги Түркия менен АКШдан Киевге курал берүү пландары боюнча түшүндүрмө сурады. АКШ Конгресси жарыялаган документтерге ылайык, сөз катар-катарынан атылуучу реактивдүү системалар, кассеталык ок-дарылар, кассеталык артиллериялык снаряддар жана ATACMS ( атакемз) ракеталары жөнүндө болууда. РФ Тышкы иштер министрлиги мындан улам өлкөлөрдөгү карама-каршы аракеттерге көңүл бурду. Тагыраагы, Украина жаңжалын саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген, мамлекеттер ошол эле учурда Киевге курал берүү маселесин талкуулап жатканына токтолгон. "Кырдаалга реалдуу баа берүүгө азыр да кеч эмес", — деген Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Москва эки өлкөнүн Украинага курал жеткирүүсү атайын аскердик операциянын жүрүшүн өзгөртө албайт деп эсептейт. Бирок курмандыктар менен кыйроолордун көбөйүшүн жана Россиянын АКШ, Түркия менен мамилесине доо кетиришин шарттай турганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0