https://sputnik.kg/20260816/1103014754.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык... 16.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-16T12:59+0600
2026-08-16T12:59+0600
2026-08-16T18:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/10/1103014588_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_88a645720297f421f5f3a33d7343d41c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди. Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун даярдыгы менен таанышты. Борбордо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий илимий программасынын алкагында "Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек" аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт. Учурда борбордо "Улуу тоолор баяны" аттуу чакырыктын негизинде 16 скульптуралык композиция жана 7 кум скульптурасы музейдин кире беришине орнотулду. Минкаб жетекчиси ошондой эле Чолпон-Атадагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин “Газпром” имаратынын даярдыгы менен таанышып, Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Ал ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн арена куруу долбоору менен да таанышып, Чолпон-Ата “Nomad” этнокомплексинин абалын көрүп чыкты. Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн . Этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн текшерди.
"Манас" аэропортунда 31-август жана 1-сентябрь күндөрү аба каттамдарына чектөө киргизиле турганын "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чечим ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу кабыл алынган. Жүргүнчүлөрдү ташыган аба каттамдарын кабыл алууга жана учурууга убактылуу чектөө 31 августта — саат 09:00дөн 20:00гө чейин; 1-сентябрда — саат 10:00дөн 22:00гө чейин аралыгында киргизилет.Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында саммиттин катышуучуларынын келишине байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташыган учактар кабыл алынбайт жана учурулбайт. Ишкана каттамдарды ишке ашырган тараптарга алдын ала ырааттама түзүүнү, айрым каттамдардын убактысын жылдырууну сунуштайт. Муну менен катар аэропорттун иши толугу менен токтотулбай турганы, чектөө киргизилбеген сааттарда жүргүнчүлөр тейлене берери кошумчаланды.
Кыргызстанда биринчи жолу 35 балага заманбап сүйлөө процессорлору берилет Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар 35 бала үчүн Cochlear компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору сатылып алынды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, баасы 30 млн сомдук жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен түздөн-түз Австралиядагы өндүрүүчү заводдон, ортомчуларсыз сатып алынган. Жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт. Жаңы технология балдардын угуу, сүйлөө, баарлашуу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Украина Россия
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди. Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун даярдыгы менен таанышты. Борбордо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий илимий программасынын алкагында "Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек" аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт. Учурда борбордо "Улуу тоолор баяны" аттуу чакырыктын негизинде 16 скульптуралык композиция жана 7 кум скульптурасы музейдин кире беришине орнотулду. Минкаб жетекчиси ошондой эле Чолпон-Атадагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин “Газпром” имаратынын даярдыгы менен таанышып, Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Ал ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн арена куруу долбоору менен да таанышып, Чолпон-Ата “Nomad” этнокомплексинин абалын көрүп чыкты. Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн . Этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн текшерди. "Манас" аэропортунда 31-август жана 1-сентябрь күндөрү аба каттамдарына чектөө киргизиле турганын "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чечим ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу кабыл алынган. Жүргүнчүлөрдү ташыган аба каттамдарын кабыл алууга жана учурууга убактылуу чектөө 31 августта — саат 09:00дөн 20:00гө чейин; 1-сентябрда — саат 10:00дөн 22:00гө чейин аралыгында киргизилет.Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында саммиттин катышуучуларынын келишине байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташыган учактар кабыл алынбайт жана учурулбайт. Ишкана каттамдарды ишке ашырган тараптарга алдын ала ырааттама түзүүнү, айрым каттамдардын убактысын жылдырууну сунуштайт. Муну менен катар аэропорттун иши толугу менен токтотулбай турганы, чектөө киргизилбеген сааттарда жүргүнчүлөр тейлене берери кошумчаланды. Кыргызстанда биринчи жолу 35 балага заманбап сүйлөө процессорлору берилет Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар 35 бала үчүн Cochlear компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору сатылып алынды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, баасы 30 млн сомдук жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен түздөн-түз Австралиядагы өндүрүүчү заводдон, ортомчуларсыз сатып алынган. Жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт. Жаңы технология балдардын угуу, сүйлөө, баарлашуу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.Украина Россия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/10/1103014588_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f75315b21b9e411c85a57e2b4cf1f0fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио