https://sputnik.kg/20260816/1103013968.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Оруп-жыйноо иштери жүрүп, дан эгиндеринин түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу жогорулады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Өлкө боюнча пландалган 617... 16.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-16T08:59+0600
2026-08-16T08:59+0600
2026-08-16T18:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/10/1103013802_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b368f82684760a0c2f7fc908f630c0b9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Оруп-жыйноо иштери жүрүп, дан эгиндеринин түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу жогорулады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Өлкө боюнча пландалган 617 миң гектардын 57,1%ы, башкача айтканда 352,7 миң гектары жыйналып бүттү. Кампаларга 985,1 миң тонна дан жыйналып, дүң жыйым 6,9%га өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүүдө.Буудайдын түшүмү 30,8%га көбөйүп, пландалган аянттардын 80,2%ы жыйналды. Арпанын 59%ы жыйналып, түшүмдүүлүгү гектарына 25,1 центнерди түздү.Мындан тышкары, жашылча өндүрүшү 6,1%га, картошка 7,9%га, бакча өсүмдүктөрү 20,4%га өскөн. Жүгөрү жана чанактуу өсүмдүктөрдү жыйноо иштери жаңы башталды.
2026-жылдын январь-июль айларында 525,3 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га өскөн.Өсүш химиялык продукция өндүрүүдө 2,9 эсеге, тазаланган мунай продукциясында 1,8 эсеге көбөйүү менен камсыз болду. Ошондой эле транспорт каражаттарын өндүрүү 41,8%га, курулуш материалдары 33,6%га, кен казуу 16,9%га өскөн.Мындан тышкары, фармацевтикалык продукция 13%га, негизги металлдар 8,5%га, тамак-аш, суусундук жана тамеки өндүрүшү 2,4%га көбөйгөн.Январь-июль айларында курулуш тармагы 1,6 эсеге, айыл чарбасы 6%га, дүң жана чекене соода 4%га өскөн.
Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар 35 балага Cochlear компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.Маалыматка караганда, баасы 30 млн сом болгон жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен Австралиядагы өндүрүүчү заводдон түздөн-түз, ортомчуларсыз сатып алынган.Жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт.Жаңы технология балдардын угуу, сүйлөө, баарлашуу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Республикада эл аралык деңгээлдеги ат спорт комплексин түзүү демилгеси сунушталды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Долбоордо эл аралык ипподром, машыгуу базалары, атканалар, ветеринардык жана селекциялык-генетикалык борборлор, мейманкана жана кыргыз жылкы чарбасынын тарых музейи каралган.Алдын ала комплекс 70 гектарга жакын жерге жайгашып, 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган трибуналарды, 3 миңге чейин жылкы үчүн жайларды жана 500дөн ашык орундуу мейманкананы камтыйт.Долбоорду ишке ашыруу эл аралык мелдештерди жана жылкы көргөзмөлөрүн өткөрүүгө, ат спортун, жылкы чарбасын жана туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт.Тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо, жер тилкесин аныктоо жана инвестициялык моделин иштеп чыгуу боюнча иштерди улантууга макулдашты.
Оруп-жыйноо иштери жүрүп, дан эгиндеринин түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу жогорулады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Өлкө боюнча пландалган 617 миң гектардын 57,1%ы, башкача айтканда 352,7 миң гектары жыйналып бүттү. Кампаларга 985,1 миң тонна дан жыйналып, дүң жыйым 6,9%га өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүүдө.Буудайдын түшүмү 30,8%га көбөйүп, пландалган аянттардын 80,2%ы жыйналды. Арпанын 59%ы жыйналып, түшүмдүүлүгү гектарына 25,1 центнерди түздү.Мындан тышкары, жашылча өндүрүшү 6,1%га, картошка 7,9%га, бакча өсүмдүктөрү 20,4%га өскөн. Жүгөрү жана чанактуу өсүмдүктөрдү жыйноо иштери жаңы башталды.2026-жылдын январь-июль айларында 525,3 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га өскөн.Өсүш химиялык продукция өндүрүүдө 2,9 эсеге, тазаланган мунай продукциясында 1,8 эсеге көбөйүү менен камсыз болду. Ошондой эле транспорт каражаттарын өндүрүү 41,8%га, курулуш материалдары 33,6%га, кен казуу 16,9%га өскөн.Мындан тышкары, фармацевтикалык продукция 13%га, негизги металлдар 8,5%га, тамак-аш, суусундук жана тамеки өндүрүшү 2,4%га көбөйгөн.Январь-июль айларында курулуш тармагы 1,6 эсеге, айыл чарбасы 6%га, дүң жана чекене соода 4%га өскөн.Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар 35 балага Cochlear компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.Маалыматка караганда, баасы 30 млн сом болгон жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен Австралиядагы өндүрүүчү заводдон түздөн-түз, ортомчуларсыз сатып алынган.Жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт.Жаңы технология балдардын угуу, сүйлөө, баарлашуу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.Республикада эл аралык деңгээлдеги ат спорт комплексин түзүү демилгеси сунушталды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Долбоордо эл аралык ипподром, машыгуу базалары, атканалар, ветеринардык жана селекциялык-генетикалык борборлор, мейманкана жана кыргыз жылкы чарбасынын тарых музейи каралган.Алдын ала комплекс 70 гектарга жакын жерге жайгашып, 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган трибуналарды, 3 миңге чейин жылкы үчүн жайларды жана 500дөн ашык орундуу мейманкананы камтыйт.Долбоорду ишке ашыруу эл аралык мелдештерди жана жылкы көргөзмөлөрүн өткөрүүгө, ат спортун, жылкы чарбасын жана туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт.Тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо, жер тилкесин аныктоо жана инвестициялык моделин иштеп чыгуу боюнча иштерди улантууга макулдашты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/10/1103013802_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7f24c00ab89e64f47ed48d1b3e6f6d64.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио